ЕАЭБ менен коңшу өлкөлөрдө бензин канча турат. Салыштыруу

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАвтоунаага май кую. Архив
Автоунаага май кую. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ЕАЭБ, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндөгү күйүүчү майдын баасын салыштырды. Баалар сомго которулган.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги ЕАЭБ мамлекеттериндеги жана Өзбекстан менен Тажикстандагы бензин менен дизель майынын баасын салыштырды.
Таблицада көрүнүп тургандай, Кыргызстанда күйүүчү майдан баасы башкаларга салыштырмалуу өтө жогору эмес. Бензин баарынан Армения менен Тажикстанда кымбат.
Россияда эгер бензин менен дизель майына болгон экспорттук баа ички шарттуу баадан жогору болсо, анда мамлекет айырманын бир бөлүгүн өндүрүшчүлөргө компенсация катары төлөйт. Эгер көрүнүш тескерисинче болсо, анда мунай компаниялары айырманы бюджетке төлөйт. Адистердин айтымында, бул нерсе ички рыноктогу бааларды кармап турууга жардам берет.
Азык-түлүк дүкөнүндөгү кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Бишкек, Нур-Султан жана Москвадагы айлык менен азык-түлүктүн баасы. Салыштыруу
Казакстанда мунай өзүнөн чыгат жана өлкө ичиндеги заводдордо кайра иштетилип, республикадагы керектөөчүлөрдү бензин менен толук камсыздайт. Ал эми дизель майынын 30 пайызга жакыны Россиядан импорттолот. Мунай Казакстандын заводдоруна базардыкы эмес, өз баасында жеткирилет.
Беларуста мунайды кайра иштетүүчү эки ири завод бар. Мамлекет анын көзөмөлдөөчү акция пакетине ээлик кылат. Өндүрүш өлкөнү күйүүчү май менен толук камсыздайт. Мындан сырткары, республика мунай продуктыларын экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8,49 миллион тоннаны түздү.
Армения Кыргызстан сыяктуу эле импорттон көз каранды. 2020-жылы Армениянын импорту 20,5 пайызга өскөн. Өлкөнүн негизги импортчулары Россия (69 пайыз) жана Иран (23,3 пайыз).
Жаңылыктар түрмөгү
0