Жогорку Кеңешке аттанган спортчулар. Олимпиада чемпиону, спорт чебери да бар

© Photo / Pexels / Andrea PiacquadioНазначение на должность
Назначение на должность - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке депутат болом деген талапкерлерди каттап, партиялардын тизмесин жарыялады. Шайлоого аттанган ар кыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катарында спортчуларды көрүүгө болот.
Депутат болууга белсенген спортчулардын ичинде олимпиада чемпионунан тарта ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиону, СССРдин спорт чеберлери бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодо ат салышып жаткан мурдагы жана азыркы спортчуларды тизмектеди. Алардын арасында партия тизмеси менен да, бир мандаттуу округдан да бара жаткандар бар.
Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич
© пресс-служба ГАМФКиСОор атлетчи. Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев
Чемпион ОИ-80 советский тяжелоатлет Каныбек Осмоналиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Оор атлетчи. Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев 68 жашта. Оор атлетчи. Москва Олимпиадасынын чемпиону. Төрт жолку дүйнө, эки жолку Европа биринчилигин уткан. Учурда “Ынтымак” адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр олимпиадалык резевдер мектебинин директору.
Осмоналиев бир мандаттуу № 14 Чүй-Кемин шайлоо окгругунан талапкер.
Турганбаев Мелис Токтомамбетович
Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери. 2019-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн ардагер спортчулардын арасында өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. Турганбаев Бишкек шаарындагы бир мандаттуу № 5 Октябрь шайлоо округунан ат салышууда.
Масабиров Таалайбек Айтмаматович
Таалайбек Масабиров 55 жашта. Жогорку Кеңештин депутаты. Дзюдо, самбо спорту боюнча спорт чебери. Дзюдо боюнча ардагерлер арасында эки жолку (2010-жана 2012-жылы) дүйнө чемпиону болгон. Масабиров “Ата-Журт Кыргызстан” партиясында 11-сапта катталган.
Атазов Шайлообек Карыбекович
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаШайлообек Атазов кикбоксинг жана бокс боюнча спорт чебери
Депутат Жогорку Кенеша Шайлообек Атазов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шайлообек Атазов кикбоксинг жана бокс боюнча спорт чебери
Шайлообек Атазов 42 жашта. Жогорку Кеңештин депутаты. Кикбоксинг жана бокс боюнча спорт чебери. 2006-жылы кикбоксинг (WFK) түрү боюнча дүйнө чемпиону болгон.
Ош шаарындагы бир мандаттуу № 5 Төлөйкөн шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болууда.
Маматов Канатбек Мурзаевич
© Sputnik / Табылды КадырбековКанатбек Маматов футбол боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону
Бывший президент Кыргызского футбольного союза Канатбек Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Канатбек Маматов футбол боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону
Канатбек Маматов 47 жашта. Кыргызстандын футболдук союзунун экс-президенти. Футбол боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. 2000-2001-жылдары Индиянын Hindustan Aeronautics Limited (HAL) жана 2001-2002 Indian Telecom Industry (ITI) клубдарында ойноп келген.
Маматов “Ата-Журт Кыргызстан” партиясында 42-сапта катталган.
Усупов Тилек Сабырович
Тилек Усупов 50 жашта. Эркин, грек-рим жана сумо күрөштөрүнүн спорт чебери. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгон. Учурда "Рубикон" рекламалык фирмасынын коопсуздук кызматынын башчысы.
Усупов Бишкек шаарындагы бир мандаттуу № 5 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

Сыдыков Руслан Жумабаевич

© Sputnik / Табылды Кадырбеков“Дордой” футбол мектебинин директору Руслан Сыдыков
Кыргызстанский футболист, защитник и полузащитник, футбольный тренер, неоднократный чемпион страны Руслан Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
“Дордой” футбол мектебинин директору Руслан Сыдыков
Руслан Сыдыков 46 жашта. Футбол спортунун чебери. Көп жыл Кыргызстандын улуттук командасынын жана Бишкектин “Дордой” футболдук клубунун капитаны болгон. Учурда “Дордой” футбол мектебинин директору болуп иштейт.
Сыдыков “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” курамында 9-сапта талапкер болуп катталган.
Сыргабаев Замирбек Самаматович
Замирбек Сыргабаев 46 жашта. Бокс боюнча спорт чебери. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Аралаш мушташ (ММА) өнөрүнө өтүп, бир катар промоушендерде беттештерди өткөргөн.
Учурда Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин директору. Ал бир мандаттуу № 18 Кадамжай шайлоо округунан талапкер болууда.
Жумабеков Дастанбек Артисбекович
© Sputnik / Табылды КадырбековДастанбек Жумабеков чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери
Товарищеские матчи по кокбору на ипподроме Ак-Кула - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Дастанбек Жумабеков чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери
Дастанбек Жумабеков 45 жашта. ЖК депутаты. Чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери. Ал 2017-жылы АКШда ардагерлер арасында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында коло байге уткан.
Жумабеков бир мандаттуу № 6 Манас шайлоо округунан талапкер болуп катталган.
Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич
Нурлан Ражабалиев 46 жашта. Футбол боюнча спорт чебери. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, мыкты бомбардир. КМШнын “Содружество кубогу” мелдешине катышкан. 2000-2001-жылдары Индиянын Hindustan Aeronautics Limited (HAL) жана 2001-2002 Indian Telecom Industry (ITI) клубдарында ойноп келген.
Ражабалиев бир мандаттуу № 10 Баткен шайлоо округунан ат салышууда.
Икрамов Тазабек Икрамович
© Sputnik / Табылды КадырбековТазабек Икрамов грек-рим күрөшүнүн чебери
Депутат ЖК 6 созыва Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Тазабек Икрамов грек-рим күрөшүнүн чебери
Тазабек Икрамов 47 жашта. ЖК депутаты. Грек-рим күрөшүнүн чебери. 2019-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын коло медалын уткан.
Икрамов бир мандаттуу № 12 Сузак шайлоо округунан депутаттыкка аттанды.
Төрөкулов Дүйшөн Гуламкадырович
Дүйшөн Төрөкулов 40 жашта. ЖК депутаты. Аралаш мушташ спортунун чебери.
Төрөкулов “Альянс” саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке аттанган. Тизмеде 18-катарда турат.
Букуев Медетбек Омошевич
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Медетбек Букуев экс-футболчу
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Медетбек Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Медетбек Букуев экс-футболчу
Медетбек Букуев 65 жашта. Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси. Экс-футболчу. Кыргызстандагы Футзал ассоциациясынын түзүүчүсү болуп саналат.
Букуев “Альянс” саясий партиясы менен шайлоого катышканы жатат. Партиялык тизмеде 54-сапта.
Эсеналиев Куваныч Аманбаевич
© Фото / из личного архива Куваныча ЭсеналиеваАралаш мушташ (ММА) спортунун чебери Куваныч Эсеналиев
Мастер спорта по ММА Куваныч Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Аралаш мушташ (ММА) спортунун чебери Куваныч Эсеналиев
Куваныч Эсеналиев 43 жашта. Эч жерде иштебейт. Аралаш мушташ (ММА) спортунун чебери. 2011-жылы Россияда өткөн ММА мелдешинде дүйнө чемпиону болгон.
Эсеналиев “Ордо” саясий партиясынын тизмесинде 5-катарда бара жатат.
Кочкаров Бахадыр Закирович
© Фото / предоставлено Бахадыром КочкаровымБахадыр Кочкаров эл аралык футбол федерациясынын экс-калысы
Судья ФИФА Бахадыр Кочкаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бахадыр Кочкаров эл аралык футбол федерациясынын экс-калысы
Бахадыр Кочкаров 51 жашта. Эл аралык футбол федерациясынын экс-калысы. 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын оюндарын тейлеген. “Футбол калыстары жана инспекторлору коллегиясында” кызматкер.
Кочкаров “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” курамында 5-сапта талапкер болуп катталган.
Закиров Нематжан Талипжанович
© Фото / пресс-служба КФСНематжан Закиров футбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери
Технический директор по развитию регионов Федерации футбола КР Немат Закиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нематжан Закиров футбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери
Нематжан Закиров 59 жашта. Футбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери. 2008-жылы Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. Мындан сырткары, бир катар клубдарды жетектеген.
Закиров “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясынын” курамында 21-сапта талапкер болуп катталган.
Жетыбаев Нуртазин Алымкулович
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Нуртазин Жетыбаев футзал спортунун чебери
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Нуртазин Джетыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нуртазин Жетыбаев футзал спортунун чебери
Нуртазин Жетыбаев 55 жашта. Футзал спортунун чебери. 2000-жылдары футзал боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.
Жетыбаев “Альянс” саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке аттанган. Партиялык тизмеде ал 41-катарда турат.
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович
© Фото / Пресс служба МКИТ КРНуржигит Кадырбеков каратэ боюнча кара курдун ээси (спорт чебери)
Министр культуры, информации и туризма Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нуржигит Кадырбеков каратэ боюнча кара курдун ээси (спорт чебери)
Нуржигит Кадырбеков 44 жашта. Каратэ-до эл аралык "Сётокан" улуттук федерациясынын президенти. Каратэ боюнча кара курдун ээси (спорт чебери).
Кадырбеков “Ыйман нуру” саясий партиясында 1-сапта турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0