Москва шайлоо округунан депутаттыкка кимдер ат салышат? Тизме

© Sputnik№23 Московский
№23 Московский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Москва шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин саны 12 адам. Алардын аты-жөнү чүчү кулак кармоо менен тандалган бюллетендеги номерине карап, ирети менен жазылды.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы №23 Москва шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Бир мандаттуу шайлоо системасы менен Москва округунан 12 талапкер чыкты. Тизме чүчү кулак кармоо боюнча тандалган бюллетендеги номерине карап, ирети менен жазылды.
  1. Енгалычев Евгений Равильевич, 27.11.1984, Кыргыз улуттук университетин "математика" адистиги боюнча аяктаган. Учурда БШКда системалык администратор болуп эмгектенет;
  2. Зикиров Жусупбек Камчыбекович, 24.09.1969, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча жана Кыргыз улуттук агрардык университетин "агроинженер" адистиги боюнча аяктаган. Учурда эч жерде иштебейт;
  3. Мырзаканов Раад Бакашевич, 25.10.1966, Кыргыз айыл чарба институтун "агроном" адистигин жана ИИМдин академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Учурда пенсионер;
  4. Иманкулов Талай Маданбекович, 16.11.1967, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "өндүрүштү пландаштыруу" адистиги боюнча аяктаган. Иштеген жери көрсөтүлгөн эмес;
  5. Ибраимова Атыркул Сыйдалиевна, 27.07.1962, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин кыргыз тили жана филологиясы факультетин аяктаган. Учурда жеке ишкер;
  6. Мамутов Ахматжан Рахимович, 16.02.1970, Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Иштеген жери көрсөтүлгөн эмес;
  7. Мадылбеков Туратбек Мадылбекович, 04.11.1954, Россиянын Омск шаарындагы милициянын жогорку мектебин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. Учурда пенсионер;
  8. Жекшенов Мирлан Ратынбекович, 05.03.1986, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин" ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу" адистиги боюнча бүтүргөн. Буга чейин Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы болуп иштеп, шайлоого карата кызматын тапшырган;
  9. Бөлөкбаев Эркин Касымович, 03.03.1961, Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Учурда эч жерде иштебейт;
  10. Ханджеза Карим Лемзарович, 22.08.1982. Кыргыз-Россия Славян университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган. Учурда жеке ишкер;
  11. Жабаев Ринат Шаршенбекович, Кыргыз улуттук университетин "мамлекеттик муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Иштеген жери көрсөтүлгөн эмес;
  12. Нажиев Мирбек Дүйшөнбекович, 29.03.1985. Кыргызстан эл аралык университетин "экономика" адистигин жана Кыргызстан эл аралык университетинин окуу-илимий өндүрүштүк комплексинде "юриспруденция" адистигин бүтүргөн;
Москва шайлоо округунда жалпы 87 801 шайлоочу бар. Ага Москва району толугу менен Сокулук районунун Төмөнкү Чүй, Ат-Башы, Жаңы-Жер, Камышановка, Жаңы-Пахта, Биринчи май айыл аймактары кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0