Алиев Шаршеналы Алиевич — өмүр баяны

© Фото / из личного архива Шаршеналы АлиеваКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Шаршеналы Алиев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Шаршеналы Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Шаршеналы Алиев 1951-жылдын 28-февралында Нарын (Куланак) районундагы Пионер (Жылан арык) айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин механика-математика факультетинде окуган.
Эмгек жолу:
  • 1974-1984 — В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетиндеги Жогорку математика кафедрасынын мугалими;
  • 1984-1992 — Айыл чарба институтунун Жогорку математика жана теориялык механика кафедрасында мугалим;
  • 1992-2008 — Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин математика жана табигый билимдер кафедрасынын башчысы, педагогика факультетинин деканы, математика жана аны окутуу технологиясы кафедрасынын докторанты, колледждин директору, илим изилдөө институтунун директору;
  • 2008-2011 — Махмуд Кашгари–Барскони атындагы Чыгыш университетинин окуу жана илим изилдөө иштери боюнча биринчи проректору, ректору;
  • 2011-2021 — Кыргыз мамлекеттик университетинде Илим изилдөө борборунун директору, жаңы информациялык технологиялар институтунун директору, кафедра башчысы, Илимий-методикалык борборунун жетекчиси, математика жана аны окутуу технологиялары кафедрасынын профессору;
  • 2021 — "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү.
Шаршеналы Алиев физика-математика илимдеринин кандидаты, педагогика илимдеринин доктору, "математика" адистиги боюнча профессор.
120дан ашуун илимий-методикалык эмгектердин автору. Анын ичинде 2 монография, 8 китеби жана окуу куралдары, 7 методикалык колдонмолор жана илимий-методикалык макалалар (макалалардын айрымдары Германиянын, Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын атайын журналдарында жарыяланган).
Жаңылыктар түрмөгү
0