Медербеков Тынчтык Муратбекович — өмүр баяны

© Фото / Игорь КоваленкоКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Тынчтык Медербеков
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Тынчтык Медербеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Тынчтык Медербеков 1981-жылы 4-мартта Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында туулган.
Үсөнгазы Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен институтунда окуп, "металлург-инженер" адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 2002 — Кумтөр кенин иштеткен Centerra Gold Inc. компаниясында стажировкадан өткөн;
  • 2003 — "Олдомор" ЖЧКда таш жасоочу;
  • 2006 — Бишкек шаардык мэриясына караштуу Спорт комитетинде инструктор;
  • 2008 — "Евразия строй" компаниясында директордун орун басары;
  • 2013 — Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кенди көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын тоо-кенди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2013 — "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасында коопсуздук башкармалыгынын башчысы;
  • 2013 — "Евразия строй" компаниясында директор;
  • 2020 — Бишкек шаардык санитардык полигону муниципалдык мекемесинин директорунун орун басары;
  • 2021 — "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү.
Тынчтык Медербеков "Кожомкул" спорт клубу коомдук бирикмесинин төрагасы, бокс боюнча спорт чеберлигине талапкер. Апрель баатыры.
Үй-бүлөлүү, эки кыз, эки уулдун атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0