https://sputnik.kg/20211101/barsty-saktoo-marafonun-uyushturuuchulary-2-mln-somdon-arbyn-akcha-chogulttu-1054443448.html
Барсты сактоо боюнча марафондун уюштуруучулары 2 млн. сомдон көп акча чогултту
Барсты сактоо боюнча марафондун уюштуруучулары 2 млн. сомдон көп акча чогултту
Sputnik Кыргызстан
Кайрымдуулук иш-чарасы Бишкек калаасында сентябрь айынын соңунда өткөн. Уюштуруучулар топтолгон каражатты кайрымдуулукка жумшап жана егерлерге автоунаа сатып... 01.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-01T22:16+0600
2021-11-01T22:16+0600
2021-12-15T23:00+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
илбирс
кайрымдуулук
марафон
егерь
https://sputnik.kg/img/102102/42/1021024283_0:106:3888:2293_1920x0_80_0_0_4d912fb17551cb76933f12ae9743fe94.jpg
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Номад Спорт" коомдук бирикмеси — илбирсти сактоо боюнча марафондун уюштуруучулары баш-аягы 2,2 миллион сом топтогонун билдиришти.Эске салсак, 26-сентябрда Бишкектин негизги көчөсүндө "Toyboss Snow Leopard Run 2021" деп аталган эл аралык кайрымдуулук марафону өткөн эле.Ар башка аралыкка 20дан ашуун мамлекеттен чакырылган беш миңден ашык күлүк чуркаган. Алар Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Франция, Улуу Британия, Түштүк Корея жана АКШдан келгени айтылган.Уюм жыл башынан тарта акча чогулта баштагандыгын кабарлап, каражат боюнча отчётту жарыялады.Баш-аягы 2 миллион 226 861 сом топтолгон. Анын жарымы кайрымдуулукка жумшалары, ал эми калганы 1 миллион 113 431 сомуна егерлерге автоунаа сатып алынары айтылды.Белгилей кетсек, быйыл уюштуруучулар тоо-ташта жүрүүнү жеңилдетиш үчүн илбирсти коргоо фондунун жетекчилери жана егерлер үчүн "Нива" автокөлүктөрүн алууга ниеттенген. Акчанын жарымын кайрымдуулук ишине жумшоо оюн билдиришкен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102102/42/1021024283_243:0:3888:2734_1920x0_80_0_0_4e2b7e7933d8edc3e5070275849b0ab6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, илбирс, кайрымдуулук, марафон, егерь
жаңылыктар, коом, кыргызстан, илбирс, кайрымдуулук, марафон, егерь
Барсты сактоо боюнча марафондун уюштуруучулары 2 млн. сомдон көп акча чогултту
22:16 01.11.2021 (Жаңыртылды: 23:00 15.12.2021) Кайрымдуулук иш-чарасы Бишкек калаасында сентябрь айынын соңунда өткөн. Уюштуруучулар топтолгон каражатты кайрымдуулукка жумшап жана егерлерге автоунаа сатып алышарын айтышты.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. "Номад Спорт" коомдук бирикмеси — илбирсти сактоо боюнча марафондун уюштуруучулары баш-аягы 2,2 миллион сом топтогонун билдиришти.
Эске салсак, 26-сентябрда Бишкектин негизги көчөсүндө "Toyboss Snow Leopard Run 2021" деп аталган эл аралык кайрымдуулук марафону өткөн эле.
Ар башка аралыкка 20дан ашуун мамлекеттен чакырылган беш миңден ашык күлүк чуркаган. Алар Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Франция, Улуу Британия, Түштүк Корея жана АКШдан келгени айтылган.
Уюм жыл башынан тарта акча чогулта баштагандыгын кабарлап, каражат боюнча отчётту жарыялады.
Баш-аягы 2 миллион 226 861 сом топтолгон. Анын жарымы кайрымдуулукка жумшалары, ал эми калганы 1 миллион 113 431 сомуна егерлерге автоунаа сатып алынары айтылды.
Белгилей кетсек, быйыл уюштуруучулар тоо-ташта жүрүүнү жеңилдетиш үчүн илбирсти коргоо фондунун жетекчилери жана егерлер үчүн "Нива" автокөлүктөрүн алууга ниеттенген. Акчанын жарымын кайрымдуулук ишине жумшоо оюн билдиришкен.