Көк-Жар шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмеси

№4 Кок-Жарский
№4 Кок-Жарский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
Бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер чүчү кулак кармоо менен тандалган бюллетендеги номерине карап, ирети менен жазылды.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат районунун №4 Көк-Жар шайлоо округунан көрсөтүлгөн сегиз талапкердин тизмесин жарыялады.
  1. Рысбаев Равшанбек Рысбаевич, 02.06.1976, Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган, ЖК депутаты;
  2. Бакиров Өмүрбек Мирзаимович, 30.04.1978, Кыргыз-өзбек эл аралык университетин ишканадагы экономика адистиги боюнча бүтүргөн, учурда жумушсуз;
  3. Мадмаров Уланбек Аданбекович, 30.04.1977, Ош мамлекеттик университетин юриспруденция, ТИМ академиясын экономика адистиги боюнча аяктаган. "Чындык" коомдук бирикмесинин төрагасы;
  4. Калматов Талас Сагынбаевич, 03.03.1970, Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган, учурда жумушсуз;
  5. Абдрахманов Азамат Абдилазизович, 25.12.1980, Жалал-Абад мамлекеттик университетин материалдардын жана электрондук техниканын химиялык технологиясы адистиги боюнча бүтүргөн, учурда Ноокат районун өнүктүрүү фондунун директору;
  6. Түмөнов Чыңгыз Сүйүнбаевич, 17.06.1990, Ош мамлекеттик юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган, "РАБАТ ЛТД" ЖЧКсынын директору;
  7. Турсункулов Мирланбек Эшмаматович, 07.07.1986, Кыргыз мамлекеттик университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган, ЖК аппаратынын кызматкери;
  8. Зулпуев Абдивап Момунович, 12.08.1958, Ош технологиялык университетинин профессору.
Жаңылыктар түрмөгү
0