Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСаргарган жалбырактар. Архив
Саргарган жалбырактар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. 1-ноябрга караган түнү өрөөндөрдө жамгыр жаабайт. Күндүз бардык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +11...+16, Талас облусунда +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +13...+18, Ысык-Көлдө +8...+13, Нарын аймагында +10...+15 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +12...+14 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +15...+17 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0