Эл "дей" берет экен. Издешпей табышкан Акмаанай Эшпаева менен Кубатбек Алымкулов

© Фото / предоставлено Акмаанай ЭшпаевойАйтбек Муканбет атындагы "Теңир-Тоо" тобунун солисти, ырчы Кубатбек Алымкулов жана анын келинчеги, опера-балет театрынын солисти, ырчы Акмаанай Эшпаева. Архив
Айтбек Муканбет атындагы Теңир-Тоо тобунун солисти, ырчы Кубатбек Алымкулов жана анын келинчеги, опера-балет театрынын солисти, ырчы Акмаанай Эшпаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жазылуу
"Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору Айтбек Муканбет атындагы "Теңир-Тоо" тобунун солисти, ырчы Кубатбек Алымкулов жана анын келинчеги, опера-балет театрынын солисти, ырчы Акмаанай Эшпаева болду.
Түгөйлөр элдин кеп-сөзүнө карабай баш кошкондугу, жубайлар ортосундагы сый, түшүнүшүү тууралуу кеп кылышты.
— Айрымдар жубайлардын бир тармакта иштегени жакшы десе, кээ бири анын терс жактарын айтып жүрөт. Кайсынысына кошуласыздар?
Кубатбек Алымкулов: — Экөөнүн бир тармакта болгондугунун жакшы жактары көп. Анткени экөө бири-бирин түшүнүп, колдоп турат. Концерт коюп аймак аралап кетсең да жубайың ал жактын ашканасын жакшы билген үчүн түшүнүп турат.
Акмаанай Эшпаева: — Чыгармачыл үй-бүлө болгон жакшы, кызыктуу.
— Ырдап жүрүп эле тааныштыңыздар беле?
А.Э.: — Экөөбүз таанышкан учурда мен "Санжыра" радиосунда иштечүмүн. Кубатты ырчы катары эфирге чакырып, ошол жактан таанышканбыз.
К.А.: — Эфирге чакырып чалган убакта мен сабакта элем, Акмаанайга телефондон кыска-кыска эле жооп берип койгом. Эртеси эфирине барганда мени экинчи кабатта күтүп туруптур. Көзүмө дароо жакшы көрүнүп, ошондо эле жактырып калгам. Эфир бүткөндөн кийин Акмаанайдын смартфонуна сүрөткө түшкөнбүз. Кийин ал мага сүрөттү жиберип, анын арты менен жакшы болуп кеттик.
А.Э.: — Ошонун баарын мага эми айтып жатат (күлүп).
— Бизде кыргыздарда үйлөнөрдө кыз-жигиттин жерине, жаш курагына аябай маани беришет эмеспи. Сиздер баш кошордо кеп-сөз айтылды беле, ата-энеңер кандай кабыл алган?
К.А.: — Өтө глобалдуу маселе болгон (күлүп). Акмаанай экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү угуп ата-энебиз баш болуп, теңтуш, санаалаштар каршы чыгып, чалкасынан кеткен күндөр өттү. Акмаанай экөөбүз "болбойт турбайбы" деп канча жолу коштоштук. Бирок болбой эле 2-3 күндөн кийин кайра табышып алчубуз. Көрсө, ортодогу махабат жана тагдыр экөөбүздү кое бербей жатыптыр да. Убагында байке-эжелердин ичинен жакшы кеп-кеңешин айткандар чыкты. Алардын бири азыр өкүл атабыз болгон ырчы Талант Карагулов. "Кыз-жигит. Сармерден" долбоорунун эрке баласы. Ошол адам жаш курагында айырма болуп баш кошуп, сонун эле жашап жаткан башка түгөйлөрдү мисал келтирип, мага дем-күч берген. Ошондон кийин "эмнеге болбосун, эл эмне десе ошо десин, бактылуу жашасак болду да" деп үйлөнгөнбүз.
— Элдин кеп-сөзү болгондо бир-эки айтышат, анан калат да.
К.А.: — Ооба, ага карай берсең болчудай эмес. Башкысы, чечкиндүү болуп, алдыга арканды алыс таштадык.
А.Э.: — Мен тараптан деле каршы чыккандар болду. Апама айтсам "көзүң жетсе турмушка чык, көзүң жетпесе тим эле кой, тынч жаша" деди. Никебизге макул болбогондор чыкканда "ушуну менен бүттү го" деп ойлогом. Бир күнү Кубат келип "экөөбүздүн бир болушубузду каалабагандар эртең келип казаныбызга аш салып бербейт. Үйлөнөбүз, мен ошондой чечим кабыл алдым" дегенде менде дагы ишеним пайда болуп макулдугумду бергем. Чынын айтсам, ага чейин "ата-энелердин батасын албасак кандай жашоо болот" деп ойлоп, санааркам жүргөм. Бирок ата-эне деген баласына бакыт эле каалап, алардын жакшы жашашын тилейт экен. Баталарын беришти. Кудайга шүгүр, азыр жакшы жашап жатабыз.
— Демек, сонун эле үй-бүлө болоруңарды далилдеген турбайсыздарбы.
А.Э.: — Ортодо үч балабыз бар, аларга колубуздан келген тарбияны берип жатабыз. Кубат экөөбүз бири-бирибизди кабак-каштан, каректен, кыймыл-аракеттен байкап турабыз. Экөөбүздүн иштеген жерлерибиз бөлөк болгону менен тойлордо чогуубуз, жакшылыктарды чогуу алып барабыз. Баары жакшы, көз тийбесин.
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭшпаева: экөөбүз таанышкан учурда мен "Санжыра" радиосунда иштечүмүн. Кубатты ырчы катары эфирге чакырып, ошол жактан таанышканбыз.
Солистка театра оперы и балета, певица Акмаанай Эшпаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эшпаева: экөөбүз таанышкан учурда мен "Санжыра" радиосунда иштечүмүн. Кубатты ырчы катары эфирге чакырып, ошол жактан таанышканбыз.
— Казан-аяк кагышкан учур болобу, болсо мындай учурда кырдаалдан кантип чыгасыздар?
А.Э.: — Албетте, казан-аяк кагышат. Кагышпаган үй-бүлө болбосо керек. Мындай учурда бизде Кубат көбүнчө унчукпай коет. Мен бир сыйра сүйлөнүп, ичимдеги нерселерди чыгарып алам. Аялдын басымдуу бөлүгү ушундай болсо керек. Анан жолдошум бат эле жазып алат.
К.А.: — Кээде аны жазыш үчүн акын болуп кетейин дейсиң. Өтүп кеткен нерселерди бир сыйра чукулап, анан эс алат (күлүп). Негизи жашоодо бири-бирин түшүнүп эле жашап кеткендер аз болсо керек. Кудай ар кандай сыноо берет экен. Сыноолордон өтүп келе жатабыз.
— Акмаанай, жолдошуңуздун кайсы сапаттарын баалайсыз?
А.Э.: — Кубаттын көп жакшы сапаттары бар. Анын ичинен мага тазалыгы жагат. Ар бир буюму, кийими өз ордунда. Үйдө эң мыкты ата. Маселен, мен балдарды жуунтуп жатсам кол кабыш кылып бирөөнүн кулагын тазалап, кийинтише калат. Балдарга тарбия берген ыкмасы да жагат.
© Фото / предоставлено Акмаанай ЭшпаевойЭшпаева: Кубаттын көп жакшы сапаттары бар. Анын ичинен мага тазалыгы жагат. Ар бир буюму, кийими өз ордунда.
Солист группы Теңир-Тоо, певец Кубатбек Алымкулов и солистка театра оперы и балета, певица Акмаанай Эшпаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эшпаева: Кубаттын көп жакшы сапаттары бар. Анын ичинен мага тазалыгы жагат. Ар бир буюму, кийими өз ордунда.
— Кубатбек, сизчи, келинчегиңиздин кайсы сапаттарын баалайсыз?
К. А.: — Акмаанай чынчыл, жөнөкөй, бой көтөрбөйт. Ата-эненин тарбиясын алган кыз. Эркек адамды аябай сыйлайт. Тагыраагы, мени аябай сыйлап, кийим-кечемди, тамагымды даярдап, той же концерттерге бара турган болсом баарын жакшынакай кылып белендеп жөнөтөт. Аялдык назы, улуу-кичүүгө жасаган мамилеси өтө бийик.
— Акмаанай, Ат-Башынын келини турбайсызбы. Ош менен ал жактын каадасында айырмачылык бар го. Жаңы келин болуп барганда кызык күндөр көп өтсө керек?
А.Э.: — Ооба, биз Ош шаарынын өзүндө эле жашап, чоңойдук да. Жылуу жакта дегеним. Суукта боз үйдө деле жашап көргөн эмесмин. Жаңы келин болуп барганда үйдөгүлөр менен жайлоого чыктык. Сырт суук болуп үшүгөндө "мешке от жагып берчи" деп Кубаттан сурансам бул да сыр бербей "коропо алып келе кал" деп колума чака карматып койду. "Коропо деген эмне?" деп сурагандан уялып сыртка чыгып кеттим. Отунбу дейин десем, жайлоодо отун деле жок. "Коропо" деген эмне болду экен деп эки жакты карап турсам кайнатам түшүндү окшойт, "коропобу" деп сурады. Башымды ийкесем эле короо жакты көрсөттү. Ал жакка барып алып да коропо деген эмне экенин билбей турсам, атам түшүндү окшойт, артыман келип көңдү чакага сала баштады. Аны түштүктө "көң" деп эле коебуз да. Ошол окуя аябай эсимде калыптыр, эстесем азыр күлөм.
© Фото / предоставлено Акмаанай ЭшпаевойАлымкулов: Акмаанай чынчыл, жөнөкөй, бой көтөрбөйт. Ата-эненин тарбиясын алган кыз. Эркек адамды аябай сыйлайт.
Солист группы Теңир-Тоо, певец Кубатбек Алымкулов и солистка театра оперы и балета, певица Акмаанай Эшпаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Алымкулов: Акмаанай чынчыл, жөнөкөй, бой көтөрбөйт. Ата-эненин тарбиясын алган кыз. Эркек адамды аябай сыйлайт.
— Акмаанайдан дагы бир нерсени сурагым келип жатат. Биринчи жолдошуңуз каза болгондо кош бойлуу бойдон калыптырсыз. Ошол балаңызга Кубатбек кандай ата болду?
А. Э.: — Жакшы суроо экен. Балалуу аял экинчи ирет турмушка чыгарда көп нерсени ойлонот экен. Балам деп өмүр бою жалгыз өтөм го деп ойлогом. Анткени балаңды тумшуктууга чокуткуң келбейт эмеспи. Бирок бактыма Кубат уулубузга эң жакшы ата болду. Берген тарбиясы, мээрими жүрөк жылытат. Үйдөбү, короодо иш кылабы, дайыма жанына алып жүрөт. Мен да ага "жасаганың биз үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн" деп айта берем. Уулубуз акырындык менен баарын атасынын арты менен үйрөнүп жатат, Кубатты "ата" дейт. Негизи баланы корголото берген болбойт деп ойлойм. Үйдө бала жок дегенде бирөөнөн сестенип туруш керек. Ошол себептен балдарыбызга "атаңарды уккула" деп айтып турам.
— Жубайлар гармонияда жашап, үй-бүлө пайдубалы бекем болуш үчүн аял менен эркектен эмнелер көз каранды деп ойлойсуздар?
Ырчы Нурлан Алдаяров менен келинчеги ырчы Айзада Муканбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Бир сүрөт кошкон. Издешпей табышкан Нурлан Алдаяров менен Айзада Муканбетова
А.Э.: — Экөө бири-бирин түшүнүп, колдоп, кубаттап туруш керек. Аял киши эркекке жылуулук тартуулаганды билиши керек деп ойлойм. Мисалы, анын айткандарын уга билип, курсагын тойгузуп, кийимдерин даярдап, балдарын жакшы караса эркекке андан башка эч нерсе деле кереги жок деген ойдомун.
К.А.: — Үй-бүлөнү, очокту сактап калуу үчүн ортодо урмат-сый керек го. Анан эркек чечкиндүү болгону оң. Анткени дал ушул сапаттан көп нерсе көз каранды. Ушуларды так аткарса эле үй-бүлөнүн очогу өчпөй, балбылдап күйүп турат болушу керек. Анан балдарга үлгү болуп, ата-энени да унутпай карап жүрүш керек.
— Балдарга тарбия берүүдө эмнеге басым жасайсыздар?
К.А.: — Ата-эне өзү үлгү болушу керек. Мисалы, бизге бала кезде ата-энебиз дайындуу жүр, ар нерсени ордуна кой деп үйрөткөн. Ошол тарбияны азыр балдарыбызга колдонуп, алган нерсени ордуна койдуруп, эң эле жөнөкөй нерсе — жатарда кийимин жыйнап жатканга көндүрөбүз. Балага айтып, көрсөтө берсе кийин ошого көнөт. Баары иреттүүлүктөн башталат. Иреттүү, тың, таза болсо өзүнө жана кийинкисине жакшы.
А.Э.: — Мен жана жогоруда айткандай, баланы оокатка бышырып эле чоңойткон жакшы экен. "Жасаганыңар биз үчүн болсо, үйрөнгөнүңөр өзүңөр үчүн жакшы" деп турам.
© Фото / предоставлено Акмаанай ЭшпаевойАлымкулов: үй-бүлөнү, очокту сактап калуу үчүн ортодо урмат-сый керек го. Анан эркек чечкиндүү болгону оң. Анткени дал ушул сапаттан көп нерсе көз каранды
Солист группы Теңир-Тоо, певец Кубатбек Алымкулов и солистка театра оперы и балета, певица Акмаанай Эшпаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Алымкулов: үй-бүлөнү, очокту сактап калуу үчүн ортодо урмат-сый керек го. Анан эркек чечкиндүү болгону оң. Анткени дал ушул сапаттан көп нерсе көз каранды
— Акмаанай, азыр өргүүдө турбайсызбы. Чыгармачылык токтоп калган жокпу?
А.Э.: — Опера жана балет театрынан эле өргүүгө чыкпасам тойлорду алып барып эле жатам. Кубат экөөбүз тойлорду чогуу алып барып, чогуу ырдайбыз. Дуэт ырдарды жаздырганбыз. Үйлөнгөнгө чейин мен ресторандарда кызмат кылсам, жолдошум аккордеон менен көбүнчө үйлөргө барчу. Кийин экөөбүз биригип дуэт менен тойго чыгып калдык. Бизге жакты. Кайда жүрбөйлү, чогуубуз.
— Маегиңиздерге рахмат, бактыңыздар түбөлүк болсун!
Жаңылыктар түрмөгү
0