"Ынтымак" партиясынын тизмеси. Көбү депутат, директор

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаттарынын креслолар. Архив
Жогорку Кеңештин депутаттарынын креслолар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Партиянын курамына кирген талапкерлердин эң улуусу 68, кичүүсү 28 жашта. БШК ЖКнын төрагасы Талант Мамытовду тизмеге кошкон эмес.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесин жарыялады. Анда ар бир талапкердин аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери жазылган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Ынтымак" партиясынын талапкерлери менен тааныштырат.
Партиянын курамына кирген талапкерлердин эң улуусу 68, кичүүсү 28 жашта.
БШК ЖК төрагасын, №7 катардагы Талант Мамытовду тизмеге кошкон эмес.
Белгилей кетсек, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып талапкер катары каттоодон баш тарткан. Мындан улам "Ынтымак" партиясы БШКнын чечимине каршы даттанган. Бишкек шаардык административдик соту саясий уюмдун арызын канааттандырды. БШК Жогорку сотко кайрыларын билдирген болчу.
  1. Макешов Чингиз Дүйшөнкулович, 45 жашта, "Мен Кыргызстанга инвестиция кылам" долбоорунун автору;
  2. Маматалиев Марлен Абдырахманович, 40 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
  3. Тентишев Бакыт Эркинович, 35 жашта, С. Тентишев атындагы Азия медициналык институту, ишеним берилген башкаруучу;
  4. Исатбек кызы Аида, 30 жашта, "Нурс Мебель" компаниясынын башкы директору, юрист;
  5. Келдибаев Сагындык Аширалиевич, 54 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
  6. Жоробеков Тариел Улукбекович, 57 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
  7.  
  8. Мажитова Шарапаткан, 66 жашта, "Модерн Стиль" ЖЧКсынын башкы директору;
  9. Шыкмаматов Алмамбет Насырканович, 52 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
  10. Карыбеков Арзыбек Кенжекулович, 62 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
  11. Акимов Абдиталип Паттаевич, 47 жашта, жумушсуз;
  12. Туманбаева Рада Мураталыевна, 50 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
  13. Түлөбаев Балбак Зарлыкович, 49 жашта, жумушсуз;
  14. Касымбеков Жаркынбек Орозбекович, 48 жашта, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу;
  15. Кокулов Эрулан Калчороевич, 35 жашта, жеке ишкер, "Не сахар" долбоорунун жетекчиси;
  16. Лурова Лейла Хияновна, 53 жашта, LBS MILK Production компаниясынын директору;
  17. Турсункулов Кутман Нурланович, 30 жашта, Жогорку Кеңеште консультант;
  18. Кыдыкеев Сыргак Билялович, 68 жашта, Грозденский айыл өкмөтүнүн төрагасы;
  19. Эргешов Казыбек Кочкорович, 52 жашта, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  20. Марипова Адинай Мариповна, 28 жашта, Жогорку Кеңеште консультант;
  21. Мамыров Абдырайым Мамырович, 53 жашта, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын өкүлү;
  22. Мидин уулу Канатбек, 31 жашта, жумушсуз;
  23. Файзуллаев Нурилло Шукириллоевич, 33 жашта, жумушсуз;
  24. Телеушева Айнура Толенбергеновна, 40 жашта, "Лав-Лайф" коомдук фондунун төрагасы;
  25. Акаев Кылычбек Муталиевич, 38 жашта, жумушсуз;
  26. Сейтказиев Замирбек Сайдакматович, 40 жашта, "Ала-Тай Строй Сервис" компаниясы, жеке ишкер;
  27. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович, 57 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
  28. Ташибекова Гульнара Адыловна, 59 жашта, №17 үй-бүлөлүк медицина борборунда башкы дарыгер;
  29. Сыдыков Мурадил Жанышбекович, 42 жашта, "МС Билдинг" компаниясынын башкы директору;
  30. Дуулатов Айбек Дуулатович, 42 жашта, Ала-Бука району боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын улук инспектору;
  31. Айтымбетов Эрнис Жамадилович, 57 жашта, жумушсуз;
  32. Жунушбаева Рахат Мырзабековна, 42 жашта, "Хундай Элеваторс" компаниясынын башкы директору;
  33. Ахмедов Канатбек Абдурашидович, 38 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты;
  34. Малабеков Данияр Турусбекович, 33 жашта, Базар-Коргон райондук администрациясында Жаштар комитетинин төрагасы;
  35. Эргешов Байгазы Анаркулович, 34 жашта, "НУР Телеком" компаниясынын улук адиси;
  36. Алиева Фидан Мирзабабаевна, 38 жашта, "Медиация жана сүйлөшүүлөр борбору" компаниясынын башкы директору;
  37. Тагаев Мыктыбек Исманалиевич, 45 жашта, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Спорт жана тарбия иштери боюнча проректор;
  38. Бакиров Таалайбек Октябревич, 44 жашта, "Түндүк электр" ишканасынын Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы;
  39. Базаралиев Абдижалил Кермалиевич, 52 жашта, жумушсуз;
  40. Барыктабасова Бермет Касымбековна, 52 жашта, Эл аралык медицина университетинин кафедра доценти;
  41. Бакасов Тагайбек Самарканович, 43 жашта, жумушсуз;
  42. Саттаров Рахимджан Шарипович, 51 жашта, "Милан" компаниялар тобу" ЖЧКсынын башкы директору;
  43. Калмурзаев Тимур Абдылдаевич, 54 жашта, жумушсуз;
  44. Урумкалиева Чинара Чалагызовна, 48 жашта, Жогорку Кеңеште эксперт;
  45. Дүйшембиев Улан Жолдошбекович, 44 жашта, "Ак-Босого" турак жай сактык-кредиттик компаниясынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
  46. Абдрахманов Октябрь Борисович, 54 жашта, д/ч Октябрь, жумушчу;
  47. Каримов Тариел Келдибекович, 54 жашта, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда директор;
  48. Сыдыкова Гулбара Бектургановна, 61 жашта, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде профессор;
  49. Крашенинникова Алена Юрьевна, 42 жашта, №2 орто мектебинин директору;
  50. Карыбекова Чолпон Абдыкалыковна, 53 жашта, жумушсуз;
  51. Энназаров Мирлан Арзыкулович, 55 жашта, жумушсуз;
  52. Исаева Вероника Владимировна, 35 жашта, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин өнөр жай, экология бөлүмүнүн башчысы;
  53. Годунова Елена Владимировна, 36 жашта, жумушсуз;
  54. Насыралиев Русланбек Осмонбекович, 50 жашта, "Жайыл-Ата" коомдук бирикмесинин төрагасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0