Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мыкыева: Кыргызстан 2025-жылы эл аралык билимди баалоо программасына катышат

© Sputnik / Асель СыдыковаКелечек үчүн билим берүү" долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева
Келечек үчүн билим берүү долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева 2000-жылы PISA билимди баалоо программасына 32 өлкө катышса, 2022-жылы 90го жакын мамлекет катышууга даярданып жатканын айтты.
Кыргызстанда билимди баалоо системасы калыптанып келе жатат. Ар үч жыл сайын эл аралык, улуттук деңгээлде билим жетишкендиктери бааланып келет. Биздин өлкө эки ирет (2006-жылы жана 2009-жылы) PISA эл аралык изилдөөсүнө катышкан. Тилекке каршы, жыйынтыгында окуучулардын билим деңгээли төмөн деп белгиленген. Бул тууралуу Мира Мыкыева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мыкыева: Кыргызстан 2025-жылы эл аралык билимди баалоо программасына катышат
Анын айтымында, Кыргызстан PISA билимди баалоо программасынын келерки жылкы сынагына катышпайт. Бирок 2025-жылы катышууну көздөп жатат.
"PISA (Programme for International Student Assessment) — окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Аны 2000-жылдан бери Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (OECD) ар үч жылда бир жолу өткөрүп келет. PISA ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Билим берүү системасындагы стратегиялык чечимдердин эффективдүүлүгүн баалайт, билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет. Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жашка келип мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт. Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук жана табигый илимдер боюнча сабаттуулук деген үч багытта жүргүзүлөт. PISA программасынын изилдөө куралдарына тесттик тапшырмалар жана анкеталар кирет. Аталган программанын 2025-жылкы эң башкы багыты табигый илимдер боюнча сабаттуулук болот. Учурда окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катышууга даярдык башталды. Өлкөдөн 6 миңден ашык окуучунун аталган тестирлөөгө катышары пландаштырылууда", — деди Мыкыева.
Педагог окуу жетишкендиктерин улуттук баалоо программасында 4-8-класстар арасында мониторинг жүргүзүлүп келерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0