https://sputnik.kg/20211028/bishkek-kyzdar-kuroshu-sporttuk-zal-kurulush-zher-tilke-1054388581.html
Бишкекте балбан кыздарга машыгуу залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Дареги
Бишкекте балбан кыздарга машыгуу залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Дареги
Sputnik Кыргызстан
Көчөт отургузула турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. Долбоордун баштапкы баасы 43 миллион сомго бааланууда. 28.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-28T13:51+0600
2021-10-28T13:51+0600
2021-12-15T16:09+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
курулуш
күрөш
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1c/1054387754_0:0:2421:1369_1920x0_80_0_0_27f5c69932396dcd876caf41a7b8cf74.jpg
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекке аялдар күрөшү менен машыгуу үчүн ылайыкталган спорт зал курууга Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жер тилке бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, Малдыбаев көчөсүндөгү Массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер берилди. Көчөт тигиле турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги машыгуу залынын долбоорун, ошондой эле архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгууга киришти. Ал эми керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң курулуш иштери башталат.Долбоордун баштапкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объектинин курулушунун жалпы наркы залдын сметасы толук иштелип чыккандан соң белгилүү болот.Залдын курулушун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Зал пайдаланууга берилгенден кийин имарат Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлөт.Буга чейин мындай чечим президенттин тапшырмасы менен спортчуларды колдоо жана стимул берүү, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынганы айтылган.
https://sputnik.kg/20211021/u23-duyno-chempionaty-kyrgyzstan-eki-balban-kyz-1054291175.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1c/1054387754_0:-1:2247:1412_1920x0_80_0_0_018faf16ec272055e478f7cf71b39759.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, курулуш, күрөш
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, курулуш, күрөш
Бишкекте балбан кыздарга машыгуу залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүндү. Дареги
13:51 28.10.2021 (Жаңыртылды: 16:09 15.12.2021) Көчөт отургузула турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. Долбоордун баштапкы баасы 43 миллион сомго бааланууда.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекке аялдар күрөшү менен машыгуу үчүн ылайыкталган спорт зал курууга Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жер тилке бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Малдыбаев көчөсүндөгү Массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер берилди. Көчөт тигиле турган аймакты кошо алганда бөлүнгөн жердин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.
"Жаштык" дирекциясынын аймагына зал куруу максатка ылайыктуу. Анткени аталган жайда бассейни бар спорт комплекси жайгашкан. Мында балбан кыздардын машыгуу процессине кошумча шарттар болот", — деп айтылат маалыматта.
Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги машыгуу залынын долбоорун, ошондой эле архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгууга киришти. Ал эми керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң курулуш иштери башталат.
21 Тогуздун айы 2021, 09:04
Долбоордун баштапкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объектинин курулушунун жалпы наркы залдын сметасы толук иштелип чыккандан соң белгилүү болот.
Залдын курулушун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Зал пайдаланууга берилгенден кийин имарат Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлөт.
Буга чейин мындай чечим
президенттин тапшырмасы менен спортчуларды колдоо жана стимул берүү, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынганы айтылган.