Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Рыспаев: окуу менен тарбия чогуу болгондо гана билимди түзөт

© Sputnik / Асель СыдыковаБалдар жазуучусу, педагог, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рыспаев
Балдар жазуучусу, педагог, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рыспаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Балдар жазуучусу, педагог, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рыспаев окутуу менен тарбия айкалышкан учурда гана билимдүү адам өсүп чыгарын айтты.
Билим берүү деген бул жөн эле баланы бир нерсеге окутуп коюу эмес. Анын тарбиясы менен үйрөтүлгөн багыттары шайкеш келиш керек. Ошондо гана биз билим берип жатабыз деп айта алабыз. Мындай пикирин Сулайман Рыспаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Рыспаев: окуу менен тарбия чогуу болгондо гана билимди түзөт
Анын айтымында, билим берүү тармагында радикалдуу диний көз караштар болбошу зарыл.
"Балага берилген илимий негиздер тарбия менен бириккенде гана билимдүү атуулду тарбиялап чыгара алабыз. Мунун баары учурдагы билим берүү системасында эске алынган. Мисалы, Совет доорунда диний тарбия тууралуу айтылган эмес. Ал эми эгемендүүлүктү алган соң буга муктаждык жаралды. Ошондуктан мектептерге ыйман сабагы киргизилген. Бирок ыйман сабагы дегенде эле педагогикадан алыс, жалаң гана динди үгүттөө деп түшүнбөшүбүз керек. Тилекке каршы, айрым мектептерде мына ушундай кабыл алынып баштаганда ыйман сабактары адеп сабактарына алмашылган. Анда адептик, маданий, эстетикалык тарбия багытында окуулар өтөт. Менин көз карашымда бул туура багыт. Анткени биз балдарды радикалдуу көз караштар менен окутуп, билим бербешибиз керек, — деди Рыспаев.
Педагог балдардын дүйнө таанымын аныктоодо мектептен да ата-эненин орду чоң экенин кошумчалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0