Huawei компаниясы Россиянын илим тармагына инвестиция салууга кызыкдар

© Фото / пресс-служба HuaweiHuawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу
Huawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Huawei компаниясынын аймактык жетекчисинин айтымында, ишкана ушул тапта эки багытка басым жасап, аларды ишке ашыруу үчүн жер-жерлерге филиалдарды ачууга киришти.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кытайдын жогорку технологиялар боюнча Huawei концерни россиялык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу билдирди.
Ал 26-27-октябрь күндөрү онлайн-режимде өтүп жаткан “Санариптешкен коомчулук 2021” (Huawei Digital Community Conference, HDCC) конференциясына катышкан. Бул ишкер, серепчи жана саясатчылар санариптештирүү тармагындагы эң маанилүү жаңылыктарды талкуулаган ири конференция.

Жакынкы келечектин санариптик тренддери

Чжоунун айтымында, компания ушул тапта эки багытка басым жасап, аларды ишке ашыруу үчүн жер-жерлерге филиалдарды ачууга киришти.
“Биринчи кезекте санариптик энергетика. Азыр дүйнө жүзүндө көмүр кычкыл газын нейтралдаштыруу боюнча маселе курч болуп турат. Андыктан биз санариптик энергетика боюнча иштей турган бөлүм ачтык”, — деди ал.
Экинчи инвестиция энергиянын эффективдүүлүгүн арттыруу багытына жумшалмакчы.
© Фото / пресс-служба HuaweiHuawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу
Президент Huawei в регионе Евразия Дэниел Чжоу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Huawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу
“Өзүбүздүн инновацияларды колдонуп, базалык станциялардын, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун энергоэффективдүүлүгүн арттыргыбыз келет. Ошондой эле электр тогу менен иштеген автоунаалар үчүн M-Power деп аталган системаны иштеп чыгуудабыз. Ал автоунааны бир жолу заряддагандагы токтун эффективдүүлүгүн 86 пайыздан 89 пайызга чейин жеткирет”, — деди Чжоу.

Санарипке бийлик менен бизнестин кызыгуусу

“Россия технологиялык революциянын төртүнчү багыты көздөй бет алып, интернетте маалымат сактоо платформалары, жасалма интеллект, блокчейн, ири маалыматтарды сактоо жагынан өнүгүп бара жатат. Huawei Россия өкмөтү менен катар ишкерлер менен дагы кызматташат. Биз бийликте жана жеке сектордо санариптешүүгө кызыкчылык жогору экенин байкадык”, — деди жетекчи.
Чжоунун айтымында, Евразия аймагында Huawei компаниясынын россиялык өнөктөштөрү бир топ ийгиликтерди багындырууга жетишти.
“Мисал катары биздин өнөктөш “Сбер” компаниясын айта кетейин. Финансы тармагында иш алып барган башка дүйнөлүк ишканалар менен салыштырганда абдан чоң ийгиликтерди жаратууда. Ошондой эле өз компетенциясына ылайык тиркемелерди эң мыкты иштетип жаткан Федералдык салык кызматын айтпай кетүүгө болбойт”, — деди ал.
© Фото / пресс-служба HuaweiHuawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу
Президент Huawei в регионе Евразия Дэниел Чжоу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Huawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу
Чжоу белгилей кеткендей, Huawei Россиядагы санариптик трансформация үчүн ири инвестиция салууга даяр.
“Россиялык кесиптештер менен биргеликте бирдиктүү санариптик келечекке чогуу багыт алган коомчулук түзүүгө аракет кылып жатабыз. Huawei – бул ар тармактарды санариптештирүү үчүн ар кандай кызматтарды жана продукцияларды сунуштаган ишкана”, — деди компаниянын аймактык жетекчиси.
Анын айтымында, программалык камсыздоо боюнча кызыктуу долбоорлорду сунуштаган компаниялар эл аралык рынокко Huawei менен бирге чыгуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Таланттар сыртка агылбайт

Чжоунун айтымында, компаниянын негизги максаттарынын бири — Россияда зымсыз иштөөчү 5G системасын өнүктүрүү.
“Дүйнөдө бешинчи стандартта иштеген 176 тармак бар. Жалпы абоненттердин саны 500 миллиондон ашты. Колдонуучулар интернеттин ылдамдыгы 10 эсе жогору болуп калганын айтууда. Азыркы учурда дүйнөдө 5G2B тармагы боюнча долбоорлордун саны 10 миңден ашты. Мисалы, Кытай тууралуу айтсак, 5G2B тармагында тоо-кен, деңиз портторундагы чарбачылык сыяктуу долбоорлор абдан көп. Булар Россияга дагы кызыктуу болушу ыктымал”, — деди президент.
Компания жакынкы келечекте өкмөт үчүн дагы, мобилдик байланыш операторлору үчүн дагы пайда алып келе турган уюлдук байланыш жабдууларын иштеп чыгары айтылды.
© Фото / пресс-служба HuaweiHuawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу
Президент Huawei в регионе Евразия Дэниел Чжоу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Huawei компаниянын Евразия региону боюнча президенти Дэниел Чжоу
Huawei компаниясынын аймактык жетекчиси концерн жыл сайын маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча жаштар арасында сынактарды өткөрүп келе жатканын белгиледи.
“Акыркы жети жыл ичинде бул сынактарга Евразия боюнча 60 миңден ашык киши катышты. Мындан тышкары, Seeds of the future (“Келечектин үрөнү”) деп аталган долбоорубуз бар. Ага катышкандар Кытайга барып, алдыңкы технологиялар менен иштеп көрө алат. Россиянын 97 жогорку окуу жайында Huawei ИКТ-академияларын ачтык», — деди Чжоу.
Мында жаш адистер Huawei компаниясында эле эмес, корпорациянын экосистемасын түзгөн компанияларга да жумушка орношо алат. Өкүлчүлүктүн президенти жогорку технология жаатында иштөө үчүн мекенден алыс болуу зарыл эместигин белгиледи. Анын айтымында, жаш адистер өз жеринде эле болуп, жогорку технологияларды иштеп чыгууга салым кошо алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0