Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаТоварларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров
Товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Товарларды санарип маркалоо жана фискалдаштыруу ассоциациясынын төрагасы, экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу үчүн шарт түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.
Маркалоону өз убагында жүргүзбөсөк ЕАЭБ рыногуна товарларды сата албай калабыз. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Абдыров: товарды маркалоого даяр болбосок ЕАЭБ рыногуна чыга албай калабыз
Анын айтымында, учурда маркалоо иштери ЕАЭБ өлкөлөрүндө кызуу жүрүп жатат.
"Мамлекеттен жардам албай ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөндөр көп. Тескерисинче, мамлекеттик органдар "баса калып" текшерет. Мындан улам алар көмүскөгө кетип калышууда. Бирок ошолордун баарын начар, акылы жок адамдар деп ойлобош керек. Анткени бардык ишкер легалдуу, ачык иш алып баргысы келет. Ошол эле учурда ачыкка чыгууга тийиштүү шарт түзүлгөн эмес. Андыктан көмүскө экономиканы ачыктоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүп, атайын программа же кадамдар ишке ашуусу зарыл. Эң башкысы, товарларды маркалоону жолго салуу шарт. Себеби ЕАЭБдин алкагында бул иштер кызуу жүрүп жатат. Эгерде алдын ала даярдык көрбөсөк, кийин кеч болуп калат. Учурда Россияда, Беларуста, Арменияда, Казакстанда товарларды маркалоо иштери өз нугунда жүрүүдө. Бизде бул боюнча иш негизинен ыктыярдуу болуп жатат. Эртеңки күнү милдеттүү маркалоо талап кылынса, ишкерлер аны жасап жетишпейт. Натыйжада ЕАЭБ рыногуна товарларды сата албай калат", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал маркалоо экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн жакшы мүмкүндүк түзөрүн кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:
Жаңылыктар түрмөгү
0