Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүПарктагы кишилер. Архив
Парктагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
25-октябрга караган түнү республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10...+15, ал эми Нарын аймагында +7...+12 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15...+17, Ош калаасында +17...+19 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0