Бишкекте Исхак Раззаковду эскерүү кечеси өтөт

© Sputnik / Эмиль СадыровМамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун портрети. Архив
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Иш-чара мамлекеттик ишмердин туулган күнүнө карата 24-октябрь күнү саат 9:00дө Исхак Раззаковдун үй-музейинде болот.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ордо калаада мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков эскерилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара мамлекеттик ишмердин туулган күнүнө карата 24-октябрь күнү саат 9:00дө Исхак Раззаковдун үй-музейинде өтөт.
Эскерүү кечесине Раззаковдун жакындары, коомдук ишмер, жазуучулар жана ЖОЖдордун студенттери катышып, мамлекеттик ишмердин өмүр жолу тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылары маалым болду.
Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткендин Лейлек районундагы Коросоң кыштагында туулган.
Белгилүү саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2020
Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты
1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-1961-жылы Кыргыз Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын аркалап, республиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ага кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.
Эмгеги менен эл-жерине таанылган Исхак Раззаков 1979-жылы дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы сөөгү борбор калаадагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө көмүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0