Бишкекте жекшемби күнү Токомбаев көчөсү убактылуу жабылат. Себеби

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы Токомбаев көчөсү. Архив
Бишкек шаарындагы Токомбаев көчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Дем алыш күнү Бишкек шаарында велосипед тебүү сезонун жабуу иш-чарасы өтүп, спортчулар менен ышкыбоздор жарышка түшөт.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. 24-октябрь, жекшемби күнү, эртең менен Бишкекте чоң көчөлөрдүн бири убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Буга велосипед тебүү сезонун жабуу иш-чарасы себеп болууда.
"24-октябрда саат 10:00дөн 11:00гө чейин Токомбаев көчөсүнүн Байтик баатырдан тарта Нуркамал көчөсүнө чейинки (Асанбай кичи району) бөлүгү жабык болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Шаар бийлиги ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурап, маршрутту алдын ала пландоону сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0