Түркиялык Румейса Гельги дүйнө жүзүндө расмий түрдө эң узун аял деп таанылган, анын бою 2 метр 15 сантиметрди түзөт. Гельги атайын таянуучу буюмдун (ходунок) жардамы менен басат.Түрмөктөн жер жүзүндөгү эң узун аялдардын сүрөттөрүн көрүңүз. Арасында спортчулар жана актрисалар бар.
Бул ирет дүйнөдөгү эң узун аялдар, кыз-келиндерди чогулттук. Арасында актрисасы, баскетболчу жана волейболчулары бар.
Түркиялык Румейса Гельги дүйнө жүзүндө расмий түрдө эң узун аял деп таанылган, анын бою 2 метр 15 сантиметрди түзөт. Гельги атайын таянуучу буюмдун (ходунок) жардамы менен басат.
Түрмөктөн жер жүзүндөгү эң узун аялдардын сүрөттөрүн көрүңүз. Арасында спортчулар жана актрисалар бар.
Россия курама командасынын экс-чабуулчусу, эки жолку дүйнө чемпиону (2006, 2010-ж.), "Динамо-Казань" клубунун волейболчусу Екатерина Гамова (бою 202 сантиметр)
1979-жылдагы СССРдин баскетбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдешинде команда капитандары сыйлоо аземинде турушат. Командасы (Латвия ССРи) менен биринчи орунду ээлеген Ульяна Семенова ортодо. Анын боюнун узундугу 213 сантиметр.
Россиянын УГМК баскетболдук клубунун оюнчусу Мария Степанова (бою 203 сантиметр). Командасынын кыз-келиндер арасында баскетбол боюнча премьер-лиганын финалдык сериясындагы жеңишинен кийин уулу Николай (сол жакта) менен.
2008-жылга чейин дүйнөдөгү эң узун аялдардын бири болгон Сэнди Аллен (бою 231 сантиметр) Тайвандын "Гиннестин рекорддор китеби" музейинин президенти Стивен Дэе менен турат.
Яо Дефэн Азиядагы бою эң узун аял болуп саналат. Кытайдын Санджиу ооруканасынын дарыгерлерине ыраазычылык билдирип жаткан учуру. Яо Дефэндин боюнун узундугу 234 сантиметрди түзөт.