Россиялык киноэкипаж космостон Жерге аман-эсен кайтып келди. Кызыктуу видео

Жазылуу
Россиялык киночулар космосто "Чакырык" картинасынын эпизоддорун тартып, бүгүн космостон Жерге, тагыраагы, Казакстандын Жезказган аймагындагы талаага келип түштү. Алар космонавт Олег Новицкийдин коштоосунда конушту.
Актриса Юлия Пересильд жана режиссер Клим Шипенко космонавт Олег Новицкийдин коштоосунда Эл аралык космос станциясынан фильм тартып, Жерге кайтып келди. Бул тарыхый окуяны RT түз эфир менен берди.
Алар Жерге эки жумадан кийин келип түштү.
Жерди көздөй аттанганда алгач Пересильд, Шипенко жана Новицкий МКСте калган россиялык Петр Дубровый, Антон Шкаплеров жана америкалыктар: Марк Ванде Хай, Шейн Кимбро жана Кэтрин Меган МакАртур, япониялык Акихико Хосид жана француз Том Песке менен коштошуп, кемеге өтүп, люктарды тыкыр жабышты.
Актриса Юлия Пересильд, космонавт Антон Шкаплеров жана режиссер Клим Шипенко космоско учаар алдында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
"Учтук!": космоско "Чакырык" тууралуу эмне билебиз?
Люктардын герметикалык жактан ишенимдүүлүгүн текшерген соң "Сокол-КВ-2" авариялык-куткаруучу скафандрларды кийип, экипаж МКСтен саат таңкы 4:14тө (Москва убактысы) бөлүнүп чыкты. Ал эми саат 6:42де кыймылдаткычты иштетип, орбитадан акырындык менен чыга баштады. Мындан соң "Союз" өзүнчө бөлүктөргө ажырап, анын кое берүүчү аппараты акырындык менен атмосферанын тыгыз катмарына кирди. Көп өтпөй негизги паршют ачылып, саат 7:35те экипаж "Ю.А. Гагарин" аппараты менен Казакстандын Жезказган шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 148 чакырым аралыктагы талаага аман-эсен келип конду.
Жерге келип түшкөндөн кийин издөө тобу капсуланы аярлап алып, андан соң экипаждын үч мүчөсүн сыртка чыгарышты. Эми аларды атайын каттам менен Подмосковьеге алып кетип, ал жактан медициналык кароодон өткөрөт. Ал эми шейшемби күнү, 19-октябрда, киноэкипаж маалымат жыйын өткөрөт.
Роскосмостун маалыматына караганда, космостон келгендердин абалы жакшы.
Алар Twitter баракчасына алгачкы маалыматты: "Союз МС-18" кемесинин келип түшкөн аппараты тикесинен турат, кайтарууга алынган. Экипаждын абалы жакшы!" — деп жар салган. 
​Эске салсак, Байкоңур станциясынан тарыхта биринчи ирет "Союз МС-19" кемеси менен киноэкипаж космоско сапар алды. Россиялык киночулар голливуддук кесиптештеринен алдыга озуп, космоско алгачкылардан болуп аттанып, Жерге ийгиликтүү кайтып келишти. "Чакырык" кинокартинасынын башкы ролундагы Юлия Пересильд бул жаатта алгачкы карлыгачтардан болуп калды.
Марс планетасынын жашоо шартын кайталаган база. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
NASA Марстагыдай жашоо үчүн ыктыярчыларды издеп жатат. Видео
"Чакырык" — бул илимий-агартуучулук долбоор. Азырынча фильмдин сюжетинин чоо-жайы жашыруун сыр. Болгону учушка бир ай камынып, эл аралык космостук станцияга аттана турган врач кыз тууралуу драмалык тасма экени гана белгилүү. Космосто ал экипаждын бир мүчөсүнүн өмүрүн сактап калат.
Клим Шипенко космоско учуп, фильм тартып келген биринчи режиссёр болмокчу. Бул тема ага жаңылык эмес. 2017-жылы ал орбиталык станция туурасындагы "Салют-7" картинасын чыгарган. "Золотой орёл" сыйлыгынын эки жолку лауреаты, Россия жана КМШ аймагындагы эң кирешелүү "Кул" ("Холоп") (үч миллиард рублден ашуун пайда тапкан) тасмасын тарткан.
Команданы тандоо катаал эле болгон. Аялдын башкы ролу үчүн ачык сынак жарыяланып, финалга чыккан 20 актриса врачтык-эксперттик комиссия тарабынан (медициналык жана психологиялык талаптар, күч даярдыгы, кесипке жарамдуулук шайкештиги) текшерилген. Учуш комиссиясынан Пересильд жана анын дублёру Алена Мордовина, ал эми режиссёр Шипенко жана оператор Алексей Дудин бир нече айга созулган ыкчам даярдык курсунан ийгиликтүү өтүштү.
Реабилитациядан киноэкипаж Жылдыз калаасында өтмөкчү. Эки апталык учуштан кийин бул сөзсүз керек. Дасыккан космонавттардын айтымында, кыска мөөнөттүү учуштардан соң организм адатта орточо жети күндө калыбына келет. Ошондон соң гана баарын үйлөрүнө жиберишет.
Жаңылыктар түрмөгү
0