Кийинки аптада Боом жолу маал-маалы менен жабылып турат

© Sputnik / Табылды КадырбековТаш кулатуу белгиси. Архив
Таш кулатуу белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Жазылуу
Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалып, бир аптага уланары күтүлүүдө.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 18-22-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (темир жолдун 3 901-чакырымы) кооптуулук жараткан таштар атайылап кулатылат. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Аталган иштер күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан жарым-жартылай жабылып турмакчы.
"30-40тан ашуун автотранспорт топтолуп калса иштер токтотулуп, жол убактылуу ачылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0