Таң калган, ырахаттанган учурлары. Жаныбарлардын эмоциялары сүрөттө
Таң калган, ырахаттанган учурлары. Жаныбарлардын эмоциялары сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Жаныбарлар өзүнүн акылы, жүрүм-туруму менен ар дайым адамдардын кызыгуусун жаратып, камкордукка, коргоого алынып келет. Sputnik топтогон сүрөт түрмөгүнөн... 13.10.2021, Sputnik Кыргызстан
1931-жылы Флоренцияда (Италия) жаныбарларды коргоо боюнча эл аралык конгресс өтүп, жыл сайын Жаныбарларды коргоо күнүн белгилөө чечими кабыл алынган.Айбанаттар адамдар сымал сүйүнөт, таң калат, коркот, башкача айтканда, ар кыл абалга туш келгенде алардын да эмоциясы чыгат. Бул сапар дүйнөдөгү ар кыл агенттиктердин сүрөтчүлөрү тартып алган ирмемдерди окурмандарга тартууламакчыбыз.
Жаныбарлар өзүнүн акылы, жүрүм-туруму менен ар дайым адамдардын кызыгуусун жаратып, камкордукка, коргоого алынып келет. Sputnik топтогон сүрөт түрмөгүнөн алардын ар кыл эмоцияларын көрүүгө болот.
1931-жылы Флоренцияда (Италия) жаныбарларды коргоо боюнча эл аралык конгресс өтүп, жыл сайын Жаныбарларды коргоо күнүн белгилөө чечими кабыл алынган.
Айбанаттар адамдар сымал сүйүнөт, таң калат, коркот, башкача айтканда, ар кыл абалга туш келгенде алардын да эмоциясы чыгат. Бул сапар дүйнөдөгү ар кыл агенттиктердин сүрөтчүлөрү тартып алган ирмемдерди окурмандарга тартууламакчыбыз.
Түндүк деңиздеги (Германия) Гельголанд аралынын пляжында жаткан боз тюлень. Аталган жаныбарлар ноябрдан тарта январга чейин ушул жерде төлдөйт. Үч жумадан кийин чоңдор кичинекейлерди кароосуз калтырып, тагдырын өз колуна тапшырат
Пекин зоопаркындагы страус. Аталган жайдын аймагы Мин династиясынын императордук сарайы болгон. 1908-жылы эл үчүн ачылган. Дүйнөлүк экинчи согуштун учурунда жаныбарлардын дээрлик көпчүлүгү ачкадан өлүп, 13 маймыл жана картаң эму тирүү калган