Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шамбетова: колду самындап, 20 секунд жууш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековUSAID уюмунун "Мыкты азыктануу" долбоорунун адиси Аида Шамбетова
USAID уюмунун Мыкты азыктануу долбоорунун адиси Аида Шамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
USAID уюмунун "Мыкты азыктануу" долбоорунун адиси Аида Шамбетова гигиена жана санитария боюнча маалыматты жайылтуу жаатында жүрүп жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди.
15-октябрь — кол жуугандын дүйнөлүк күнүнө карата Баткен, Жалал-Абад облустарында иш-чаралар өткөрүлүп, анда колду таза кармоо, гигиенаны сактоо, түрдүү паразиттик, инфекциялык оорулардан сактануу боюнча кенен маалымат берилет. Бул тууралуу Аида Шамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Шамбетова: колду самындап, 20 секунд жууш керек
Анын айтымында, ар кандай микробдордон колду самындап, 20 секунд жууганда гана арылса болот.
"Бактериялар аркылуу тараган оорулар жана толук баалуу тамактанууну бири-бири менен байланышы зор. Оорулуу организм таза, оорубаган организмге караганда тамакты жакшы сиңире албайт. Ошондуктан калк арасында гигиенаны сактоо, колду туура жууган жөнүндө маалыматтарды таратуудабыз. Учурда Баткен, Жалал-Абад облустарында гигиена жана санитария жаатында билдирүүлөрдү жайылтуу боюнча долбоорлор жүрүп жатат. Алгач изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында респонденттердин 90 пайызы кол жууш үчүн кумган жана илеген колдонулары белгилүү болду. Андан тышкары, бир нече адам бир эле сүлгүнү колдонот. Ошондой эле адамдар дааратканадан кийин (60 пайызы), баланы тамактандырууга даярданууда (39 пайызы), тамак бышыруудан алдында же ичер алдында (33 пайызы) гана кол жуушат. Биз беш опурталдуу учурда: тамактануунун алдында жана кийин, баланы тамактандыруунун алдында, дааратканага баргандан соң, заңдаган баланы которгондон же тазалагандан кийин жана үй жаныбарларын тейлеп же кармагандан кийин сөзсүз колду самындап жууш керектигин сунуштайбыз", — деди Шамбетова.
Адис ичүүчү сууну таза кармап, сууга бактериялар кирбеш үчүн даараткананы суу булагынан 25 метр алыс салуу керектигин эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0