Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
17:42 12.10.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021)
Жазылуу
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматынан бошотулуп, ордуна Акылбек Жапаров дайындалган.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети министрлер кабинетинин сунушталып жаткан жаңы курамын жактырды.
Буга чейин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетин отставкага кетирип, жаңы курамды сунуштаган.
Тизме:
- Арзыбек Кожошев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
- Азиз Аалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Эдил Байсалов — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
- Камчыбек Ташиев — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы;
- Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;
- Эркинбек Осоев — транспорт жана коммуникация министри;
- Аскарбек Жаныбеков — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
- Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;
- Динара Кутманова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
- Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
- Болотбек Купешев — билим берүү жана илим министри;
- Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;
- Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
- Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри;
Жаңы жүздөр
- Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
- Алмаз Бакетаев — финансы министри;
- Аяз Баетов — юстиция министри;
- Азамат Жаманкулов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри.