Франциянын Париж шаарындагы Гарнье опера-балет театрында Мода жумалыгы өттү.Пальма аралында (Канар аралдары) Кумбре-Вьеха жанар тоосу атылып, анын күлү аймакты каптап калды. Алты миңден ашык киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Лава 497 гектар аянттагы жерди каптап, 1 186дан ашык имаратты талкалаган.Бишкекте Казакстандын маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган гала-концерт өттү.Нью-Йоркто (АКШ) Манхэттендеги Жейкоб Жавитс конференц-борбордо New York Comic Con 2021 фестивалы өттү.Норвегиянын Осло шаарында өткөн спорттук күрөштүн (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер) түрлөрү боюнча өткөн дүйнө чемпионатынан Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) менен Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) алтын медаль утушту. Эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 килограмм) менен грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм) күмүш медаль алышты. Ал эми дагы бир эркин күрөшчү Алибек Осмонов менен Айпери Медет кызы коло байге тагынып кайтышты.Дүйнөдөгү алгачкы "киноэкипаж" Эл аралык космос станциясына сапарга жөнөп кетти. Алар "Чакырык" ("Вызов") аттуу кино тартышат. Космостук топко актриса Юлия Пересильд, режиссер Клим Шипенко жана космонавт Антон Шкаплеров кирди. Бул тасма кинематографиянын тарыхында космосто профессионалдуу актерлор тартылган биринчи фильм болмокчу.Финляндияда ралли боюнча дүйнө чемпионаты өттү.Бишкекке быйылкы жылдагы алгачкы кар түштү.Лас-Вегаста (АКШ) англиялык мушкер Тайсон Фьюри менен америкалык Деонтей Уайлдер кесипкөй бокс боюнча эң оор салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн беттешти. Фьюри 11-раундда атаандашы Уайлдерди нокаутка кетирип, оор салмактагы WBC түрүнүн чемпиондук курун коргоп калды.Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган "Бирназар — биримдиктин уюткусу" аталышындагы кыргыз урууларынын сырткы баскынчыларга каршы күрөшү тууралуу тарыхый театралдаштырылган спектакли коюлду.Бангкокто (Таиланд) жыл сайын болуучу вегетариандык фестиваль өттү.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Франциянын Париж шаарындагы Гарнье опера-балет театрында Мода жумалыгы өттү.
Пальма аралында (Канар аралдары) Кумбре-Вьеха жанар тоосу атылып, анын күлү аймакты каптап калды. Алты миңден ашык киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Лава 497 гектар аянттагы жерди каптап, 1 186дан ашык имаратты талкалаган.
Бишкекте Казакстандын маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган гала-концерт өттү.
Нью-Йоркто (АКШ) Манхэттендеги Жейкоб Жавитс конференц-борбордо New York Comic Con 2021 фестивалы өттү.
Норвегиянын Осло шаарында өткөн спорттук күрөштүн (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер) түрлөрү боюнча өткөн дүйнө чемпионатынан Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) менен Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) алтын медаль утушту. Эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 килограмм) менен грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм) күмүш медаль алышты. Ал эми дагы бир эркин күрөшчү Алибек Осмонов менен Айпери Медет кызы коло байге тагынып кайтышты.
Дүйнөдөгү алгачкы "киноэкипаж" Эл аралык космос станциясына сапарга жөнөп кетти. Алар "Чакырык" ("Вызов") аттуу кино тартышат. Космостук топко актриса Юлия Пересильд, режиссер Клим Шипенко жана космонавт Антон Шкаплеров кирди. Бул тасма кинематографиянын тарыхында космосто профессионалдуу актерлор тартылган биринчи фильм болмокчу.
Лас-Вегаста (АКШ) англиялык мушкер Тайсон Фьюри менен америкалык Деонтей Уайлдер кесипкөй бокс боюнча эң оор салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн беттешти. Фьюри 11-раундда атаандашы Уайлдерди нокаутка кетирип, оор салмактагы WBC түрүнүн чемпиондук курун коргоп калды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган "Бирназар — биримдиктин уюткусу" аталышындагы кыргыз урууларынын сырткы баскынчыларга каршы күрөшү тууралуу тарыхый театралдаштырылган спектакли коюлду.
Бангкокто (Таиланд) жыл сайын болуучу вегетариандык фестиваль өттү.
Канар аралдарындагы Пальмада жанар тоонун күлү каптаган үй. Кумбре-Вьеха вулканы 19-сентябрдан тарта атыла баштаган. Учурда аймактагы алты миңден ашык адам көчүрүлдү. Лава 497 гектар аянттагы жерди каптап, 1 186дан ашык имаратты талкалаган.
Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков менен Ослодо өткөн күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатында. Кыздардын экөө алтын, бири коло байге алды.
Актриса Юлия Пересилд Байкоңурда дүйнөдөгү биринчи "киноэкипаж" менен космоско учуу алдында. Эл аралык космос станциясынан сапарга жөнөп кеткен бул топ "Чакырык" ("Вызов") аттуу кино тартышат. Бул тасма кинематографиянын тарыхында космосто профессионалдуу актерлор тартылган алгачкы фильм болмокчу.
Англиялык мушкер Тайсон Фьюри менен америкалык Деонтей Уайлдер Лас-Вегаста өткөн кесипкөй бокс боюнча эң оор салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш учурунда. Жекшембиге караган түнү Фьюри 11-раундда атаандашы Уайлдерди нокаутка кетирип, оор салмактагы WBC түрүнүн чемпиондук курун коргоп калды. Бул кармашта Уайлдер үчүнчү жана онунчу раундда, ал эми Фьюри төртүнчү бөлүктө эки ирет нокдаунга түшкөнү белгиленди.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган кыргыз урууларынын сырткы баскынчыларга каршы күрөшү тууралуу тарыхый театралдаштырылган спектаклден бир учур
Афганистандык журналист кыз Кабулда талибдердин* (Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө террордук уюм катары тыюу салынган уюм) расмий өкүлдөрүнүн маалымат жыйынында
2021-жылдагы Нобель сыйлыгы "Жаңы гезит" ("Новая газета") басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратовго ыйгарылды. Комитет анын "демократиянын жана тынчтыктын шарты болгон сөз эркиндигин коргоо боюнча аракетин" белгиледи.