Эртең Жалал-Абаддын 12 айылында жана бир шаарында жарык өчөт. Тизме

© AFP / JOEL SAGETЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Электр жарыгы ишкананын бригадалары көмөк чордондордогу жабдууларды оңдоп, башка пландык жумуштарды аткаргандыктан үзгүлтүккө учурайт.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эртең, 12-октябрда, Жалал-Абаддын 12 айылында жана бир шаарында эртең мененки саат 09:00дөн 17:00гө чейин жарык өчөт. Бул тууралуу "Жалал-Абад электро" ААКсы кабарлады.
Атайын бригада сегиз саат бою оңдоп-түзөө иши менен алек болот. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган шаар жана айылдар:
  • Чаткал районуна караштуу Шекафтар, Терек-Сай, Жаңы-Базар айылдары;
  • Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон, Ала-Бука айылдары;
  • Сузак районуна караштуу Тайгараев, Жоон-Күнгөй айылдары;
  • Аксы районуна караштуу Падыша-Ата, Өлөң-Булак, Анашев айылдары;
  • Базар-Коргон районуна караштуу Шыдыр, Коткор айылдары;
  • Аксы районуна караштуу Караван шаары.
Жаңылыктар түрмөгү
0