https://sputnik.kg/20211011/altymysh-khudozhnik-beyne-menen-kyrgyz-kinosunun-tarykhyn-bayandayt-1054195929.html
Алтымыш сүрөтчү "Бейне" менен кыргыз киносунун тарыхын баяндайт
Алтымыш сүрөтчү "Бейне" менен кыргыз киносунун тарыхын баяндайт
Sputnik Кыргызстан
Кино ишмерлердин энергетикасын бериш үчүн сүрөтчүлөр таанып, билип, өздөрү көргөн инсандарды тарткан. 11.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-11T21:32+0600
2021-10-11T21:32+0600
2021-12-16T14:04+0600
жаңылыктар
кыргызстан
маданият
бишкек
көргөзмө
кыргыз
кино
юбилей
сүрөт
https://sputnik.kg/img/104341/05/1043410532_0:322:3068:2048_1920x0_80_0_0_7ccb4193b94511dd63f9777865589309.jpg
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган 60 сүрөтчүнүн көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады."Бейне" көргөзмөсүнүн алкагында 60 сүрөтчүнүн түрлүү техникада графика, живопись, скульптура жана керамика менен жасалган жүздөн ашык эмгеги тартууланмакчы. Көргөзмөдө улуу муундун өкүлдөрү, эл сүрөтчүлөрү менен бирге атагы чыгып калган таланттуу жаштар дагы катышары кабарланды. Коюлчу эмгектердин 90 пайызы атайын аталган көргөзмөгө арналып жасалып, эл назарына биринчи жолу коюлмакчы.Тематикалык жактан алганда иштер шарттуу эки топко: киноишмерлердин портреттери жана кыргыз кинолору деп бөлүнгөн. Портреттердин жан дүйнөсүн чагылдырып, кино ишмерлердин энергетикасын бериш үчүн сүрөтчүлөр таанып-билип, өздөрү көргөн инсандарды тарткан. Ал эми кинолор жөнүндө – сүрөтчүлөр өздөрү жакшы көргөн тасмалардын темасын, сюжетин, маани-маңызын чагылдырган жаңы көркөм чыгармаларды жараткан.Маалыматта бул эмгектер кыргыз кинолорунун көркөм өнөр жанрларында тартылган сүрөтчүлөрдүн варианттары экени айтылган."Бейне" 14-октябрда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинде ачылып, 27-октябрга чейин уланат.
https://sputnik.kg/20211003/akyrky-koch-tasmasy-kinoshok-1054104973.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104341/05/1043410532_142:0:2873:2048_1920x0_80_0_0_5e2a905117889a046fc8bc8444a81a23.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, маданият, бишкек, көргөзмө, кыргыз, кино, юбилей, сүрөт
жаңылыктар, кыргызстан, маданият, бишкек, көргөзмө, кыргыз, кино, юбилей, сүрөт
Алтымыш сүрөтчү "Бейне" менен кыргыз киносунун тарыхын баяндайт
21:32 11.10.2021 (Жаңыртылды: 14:04 16.12.2021) Кино ишмерлердин энергетикасын бериш үчүн сүрөтчүлөр таанып, билип, өздөрү көргөн инсандарды тарткан.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган 60 сүрөтчүнүн көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
"Бейне" көргөзмөсүнүн алкагында 60 сүрөтчүнүн түрлүү техникада графика, живопись, скульптура жана керамика менен жасалган жүздөн ашык эмгеги тартууланмакчы. Көргөзмөдө улуу муундун өкүлдөрү, эл сүрөтчүлөрү менен бирге атагы чыгып калган таланттуу жаштар дагы катышары кабарланды. Коюлчу эмгектердин 90 пайызы атайын аталган көргөзмөгө арналып жасалып, эл назарына биринчи жолу коюлмакчы.
"Кыргыз киносунун улуу тарых барактарын таланттуу, кыраан инсандар жазган. Ар бир тасманын артында тартуучу топтун зор эмгеги турат. Кинодо ар бир адистин эмгеги чоң. Продюсер, сценарист, режиссёр, оператор, актёр, композитор, сүрөтчү, монтажер, үн режиссёру, жарык бергич, декоратор, аниматор, ассистенттер жана башка иштерман адамдар, бардыгынын эмгеги баалуу. Ар бир тасманын кайталангыс көркөм дүйнөсү жана энергетикасы бар. 80 жылдын ичинде бир нече кинематографисттердин мууну өсүп чыкты. Кыргыз кереметинин байсалдуу сапарын жаңы кыргыз феномени улады", – деп айтылган маалыматта.

3 Тогуздун айы 2021, 20:43
Тематикалык жактан алганда иштер шарттуу эки топко: киноишмерлердин портреттери жана кыргыз кинолору деп бөлүнгөн. Портреттердин жан дүйнөсүн чагылдырып, кино ишмерлердин энергетикасын бериш үчүн сүрөтчүлөр таанып-билип, өздөрү көргөн инсандарды тарткан. Ал эми кинолор жөнүндө – сүрөтчүлөр өздөрү жакшы көргөн тасмалардын темасын, сюжетин, маани-маңызын чагылдырган жаңы көркөм чыгармаларды жараткан.
Маалыматта бул эмгектер кыргыз кинолорунун көркөм өнөр жанрларында тартылган сүрөтчүлөрдүн варианттары экени айтылган.
"Бейне" 14-октябрда Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинде ачылып, 27-октябрга чейин уланат.