Памир кыргыздарына гуманитардык жардам жөнөтүлдү

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүУн. Архив
Ун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Белгилей кетсек, памирлик кыргыздар климаттык шарты татаал бийик тоолуу аймакта жашашат. Бул жерге кыш эрте түшөт.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Памир кыргыздарына негизинен азык-түлүк жөнөтүлгөн.
"Кандаштарга 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4 000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатып алынган. Азык-түлүк кышкыга жетет", — деп жазылат маалыматта.
Гуманитардык жардам ушу тапта жолдо экени кошумчаланды.
Белгилей кетсек, памирлик кыргыздар климаттык шарты татаал бийик тоолуу аймакта жашашат. Бул жерге кыш эрте түшөт.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0