00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое рейтинг дружественности и зачем его считают - беседа с ученым
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Горы как школа жизни: разговор с президентом Федерации спортивного туризма Кыргызстана
20:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров Кумтөр тууралуу: алтын жерде калбайт, кардарлар кезекте турушат

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКиши алтын куйма менен. Архив
Киши алтын куйма менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. соттошуп келе жатат.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине байланыштуу коомдо кызыгуу жараткан суроолорго өзүнүн Facebook тармагындагы расмий баракчасы аркылуу жооп берди.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар 30-сентябрь күнү Женева шаарында Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрү жолукканын жазып чыгышкан. Иш-чарага Кыргызстан тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана "Кумтөр" ишканасын сырттан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүктүн барганы айтылган.
"Жолугушуу биздин сураныч менен эмес, Centerra Gold Inc. компаниясынын суранычы менен өттү. Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз", – деди Жапаров.
Ал эми Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салгандыгы боюнча буларды айтты.
"LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып", — деди ал.
Ошондой эле өлкө башчы канадалык компания Кыргызстандын өкмөтүнө каршы кайрылган эл аралык соттордон утарыбызга көзү жетерин билдирди.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жапаров, Ташиевдер Centerra жетекчилиги менен жолукту. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы
"Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Кумтөрдү көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики. Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт", — деди Жапаров.
Эске салсак, май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. соттошуп келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0