Психолог: өң-келбеттүү адамдарга жетекчилер көбүрөөк айлык төлөшөт

© Фото / PexelsКостюмчан адам. Архив
Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, жумуш берүүчү эркек кишини ишке алып жатканда бою узундарга көңүл бурат. Узун бойлуу эркектерди өзүнө ишеними бекем, кандай киши менен болсо дагы тил табышып кетет деп эсептейт.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Айрым компаниялардын жетекчилери жаңы кызматкерди жумушка аларда сөзсүз келбетине жана тулку боюна артыкчылык берет. Бул тууралуу психотерапевт, психолог Элина Ландманга шилтеме берип Sputnik радиосу кабарлады.
Бирок адис бул эреже аялдар менен эркектерге эки башкача иштээрин айтат. Мисалы, эркек кишини жумушка алып жатканда бою узундарга көңүл бурулат. Жумуш берүүчүлөр узун бойлуу эркектерди өзүнө ишеними бекем, кандай киши менен болсо дагы тил табышып кетет деп эсептейт.
Ал эми аялдарга келгенде арыкчырайларга качырышат.
"Толук аялдарды өзүнө кам көрүүгө убакыт таппаган соң жумушта деле ийгиликке жете албайт деп ойлошот. Ошол себептүү ашыкча салмагы жок, келбеттүү аялдарга артыкчылык берилет. Адатта жумуш берүүчүгө келбети жаккан кызматкерлердин башкаларга салыштырмалуу айлыгы дагы жогорураак болот", — деди Ландман.
Ошол эле учурда адис кээ бир жумуш берүүчүлөр тетирисинче кыска бойлууларды көбүрөөк издээрин кошумчалайт. Анткени көпчүлүк учурда кыска бойлуу адамдар башкалардан калышпаш үчүн өзүн өстүрүүнүн үстүндө көбүрөөк иштеп, амбициясы жогору болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0