Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Осмоналиев: протез кулак жасаганды Россиядан үйрөнүп келдик

© Sputnik / Асель СыдыковаАнапластолог Нурлан Осмоналиев
Анапластолог Нурлан Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Анапластолог Нурлан Осмоналиев Кыргызстанда кулак калканы жок, операцияга муктаж 50дөн ашык адам бар экенин айтты.

Кулактын протезин жасагандан кийин мурундун, беттин эпитезин жасоого мүмкүнчүлүк жаралды. Бул тууралуу Нурлан Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Осмоналиев: протез кулак жасаганды Россиядан үйрөнүп келдик

Анын айтымында, 3D-сканердин жардамы менен жасалган кулак протезин аял менен өспүрүм балага тагууда финансылык маселелер жаралган.

"Микротия — эл арасында жана кыргыз медицинасында анча билинбеген проблема. Себеби чечүү жолдору жок болгондуктан мындай дефекти бар адамдар дарыгерлерге кайрылышкан эмес. Дүйнө жүзүндө 6-10 миң ымыркайдын бирөөсү тубаса бир же эки кулагы жок, жадагалса кулагы бүтөлүп төрөлөт. Кээ бирлери такыр укпаса, айрымдарынын нерви сакталуу болгондуктан угуу жөндөмү болот. Негизи мындай кулак протезин коюу операциялары Евразия чөлкөмүндө, Москвада бар. Алар дагы биз изилдеп баштаган убакта, алты жыл мурун, Америкага барып окуп келип, бул тармак жаңы өнүгүп баштаган эле. Учурда жакшы деңгээлге жетип калышты. Андан тышкары, Нью-Дели, Абу-Дабиде жана Беларуста операция жасалат. Биз алгач Россиядагы кесиптештерден тажрыйба алып, окуп келгенбиз. 3D-сканердин жардамы менен жасалма кулак даярдалып, ал аял менен өспүрүм балага тагылды. Биринчи операцияга стоматолог-имплантолог Мирбек Осмонбеков, Илхом Исакулов, отоларинголог Шухрат Буваев жана мен катыштым. Көпчүлүк учурда бейтаптардын бир кулагы жок болгондуктан экинчи кулагын үлгү катары алып, сканерден анын тескери чагылышы жасалат. Протез кулак каптама тишти жасаган ыкмада силикон калыпка куюлуп даярдалат. Протез жасоого эки жумадан бир ай, ал эми бейтапты карап баштагандан баштап алты айга чейин убакыт керектелет. Баш сөөккө титан импланттары коюлуп, ага жасалма кулак магнит менен бекитилет", — деди Осмоналиев.

Анапластолог Россияда бейтаптардын операциясын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду каржылай турганын айтып, дарыгерлер Кыргызстандагы ММКФга кайрылууну көздөп жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0