БУУнун башкы катчысы Садыр Жапаровдун эки демилгесин колдоду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш. Архив
БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Гутерриш Кыргызстандын президентине жылуу каалоо-тилектерин айтып, жакын арада аны менен жолугушууга ишеничин билдирген.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровдун уюмдун трибунасынан көтөргөн эки демилгесин колдоого алды. Бул туурасында өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Аталган уюмдун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында ТИМ башчысы Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысы менен жолугушкан.

Министр Кыргызстан президентинин башкы катчыны экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктаган сөзүн жеткирген. Ошондой эле өлкөдө болуп жаткан саясий трансформациялар, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу айтып берген.

"Министр туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, тоолуу региондорду өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, экономикалык өнүгүү, жашыл экономиканы куруу, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. Аны менен катар БУУнун бул багыттарды колдоосун өтүндү. Өз кезегинде Антониу Гуттериш БУУ — Борбор Азия саммитин жана "Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын" өткөрүү демилгелерин колдой турганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, тараптар Афганистандагы кырдаал эртерээк турукташтырылышынын маанилүүлүгүн талкуулаган.

Казакбаев кыргыз тарап БУУнун Афганистандагы мекемелерин Бишкекке убактылуу жайгаштырууга даярдыгын дагы бир ирет белгиледи.

Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
ТИМ ПРООНду мөңгүлөрдү сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга чакырды
Соңунда башкы катчы Гутерриш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жылуу каалоо-тилектерин узатып, жакын арада аны менен жолугушууга ишеничин билдирген.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров  22-сентябрда БУУнун трибунасынан кайрылуу жасап, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүнө карата жана чөлкөмдөгү коопсуздугу менен өнүгүүсүнүн келечекке болгон биргелешкен планын белгилеп алуу максатында 2022-жылы Борбордук Азия — БУУ саммитин өткөрүүнү сунуштаган.

Мындан тышкары, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы “Бишкек+25” Глобалдык саммитин чакырууну демилгелеген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0