Россияда мигранттар үчүн мобилдик тиркеме 2022-жылы ишке кириши ыктымал

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМосквадагы метродо киши смартфон менен. Архив
Москвадагы метродо киши смартфон менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Тиркемеден алгач жаран өзүнүн Россиянын "кара тизмесинде" бар же жок экенин биле алат. Эгер ага Россия тараптан чектөөлөр коюлбаган болсо, андан ары башка кызматтарды колдоно берет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россияда иштеген мигранттар үчүн бирдиктүү мобилдик тиркеме 2022-жылы иштей баштаары күтүлүп жатат. Ал аркылуу чет элдиктер документтерин тууралай аларын "Известия" басылмасына вице-премьер Алексей Оверчук билдирди.

Бул тиркеме чет элдиктер үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү порталы болуп калмакчы.

Оверчуктун айтымында, Россияда 3,8 миллион мигрант патент жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жараны катары эмгек келишиминин негизинде иштейт. Мындан тышкары, 290 миң киши ЖОЖдордо билим алат.

"Башка өлкөгө көчүп барып, жумуш издөө өтө татаал процесс. Туруктуу же убактылуу жашоого уруксат алуу, каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, эмгек келишимин түзүү сыяктуу түйшүктүү иштер көп. Андыктан биз чет элдиктер Россияга келип, жумушка орношконго чейин басып өтчү жолду бир мобилдик тиркемеге камтууга аракет кылып жатабыз", — деди Оверчук.

Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Методист: Россияда мигранттардын балдары орус тилин 2-3 жылда өздөштүрөт
Маалыматка караганда, баарынан мурда мигрант өзүнүн Россиянын "кара тизмесинде" бар же жок экенин биле алат. Ал үчүн паспортун тиркеме аркылуу сканерлейт. Эгер ага Россия тараптан чектөөлөр коюлбаган болсо, андан ары башка кызматтарды колдоно алат.

"Менимче, бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашат. Андыктан тиркемеде жеке клиникалардын медициналык камсыздандыруу кызматтарынан тарта ижарага турак жай таап берүү кызматтарына чейин сунушталат", — деди вице-премьер.

Оверчук тиркеме иштелип чыгып, акырындык менен толукталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0