00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Индустриализация: от сталинского рывка до “зелёного” кризиса Европы — беседа о социуме
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Личный интерес
Речевое развитие ребёнка - логопед о нормах, тревожных сигналах и времени для обращения к врачу
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Документы, эксперты и обучение персонала — как устроена безопасность аттракционов в Бишкеке
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
17:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Салбуурун — кыргыздын улуттук мурасын даңазалаган спорт. Кушчулардын башкы талабы эмне?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
11 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу. Талап-тоноо боюнча 5 кишиге өкүм чыкты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСот залындагы жаран. Архив
Сот залындагы жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Сотто чек арадагы куралдуу жаңжалда кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шектелген беш кишинин иши каралган. Алардын ичинен үчөө Кыргызстандын, экөө Тажикстандын жараны болуп чыккан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Баткендин Лейлек райондук соту Кыргызстан менен Тажистандын чек арасында апрель-май айларында болгон кагылышуудагы талап-тоноочулук боюнча кыргызстандык жана тажикстандык жарандарга өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Кыргызстандын үч жараны 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, бирөөнө 200 миң сом айып салынды.

"Алар Жазык кодексинин "Мародерлук", "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо", "Кайтаруудагы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен айыпталып, жазалары бириктирилген. Ал эми "Согуш убагында мамлекеттик чыккынчылык кылуу" боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталышкан", — деп билдирди райондук сот.

Ал эми Тажикстандын эки жараны өмүр бою абакка кесилип, 280 миң сом айып пул салынды. Алардын биринен материалдык чыгым үчүн 8,7 миллион сом өндүрүлгөн.

"Алар "Тынчтыкка каршы кылмыштар" жана "Мародерлук" боюнча күнөөлүү деп табылып, жазалары бириктирилип, жалпы 280 миң сом айып салынуу менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Алардын бири жергиликтүү тургунга материалдык зыян келтиргени үчүн сегиз миллондон ашуун каражат төлөмөй болгон", — деп билдирди сот.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө жаңы курулган үй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Мадина шаарчасы. Чек арада көз жумгандардын үй-бүлөсүнө үйлөр тапшырылды
Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелден 1-майга чейинки куралдуу кагылышууда Тажикстан менен чектеш Максат айылынын тургундарынын үйлөрү, унаалары талкаланып, өрттөлүп, тонолгон. Анда кыргызстандык 36 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алышкан.

Белгилей кетсек, сотто чек арадагы куралдуу жаңжалда кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шектелген беш кишинин иши каралган. Алардын ичинен үчөө Кыргызстандын, экөө Тажикстандын жараны болуп чыкты. Кыргызстандык үч жаранга кошуна мамлекеттин жарандарына жардам берген деген айып тагылган. Милиция алардын үстүнөн Жазык кодексинин 380-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен иш козгоп, тергөө материалдары сотко өткөн. Сотко жабырлануучулар келбегенине байланыштуу кийинки отурум 15-сентябрга жылдырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0