Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бешимов: ЖККУ реформага муктаж, аны чечүүдө Россиянын ролу чоң

© Sputnik / Асель СыдыковаКРдин толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Аскар Бешимов. Архив
КРдин толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Аскар Бешимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
КРдин толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Аскар Бешимов АКШнын Афганистандан чыгып кетүүсү менен аймактагы геосаясий абал өзгөргөнүн белгиледи.

Америка Кошмо Штаттары Афганистандан аскерлерин чыгарып кетүүсү менен Борбор Азияда, деги эле аймакта Россиянын таасири күчөдү. Мындай пикирин Аскар Бешимов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бешимов: ЖККУ реформага муктаж, аны чечүүдө Россиянын ролу чоң

Анын айтымында, коопсуздук жана саясий стабилдүүлүктү сактоодо аймакта Россиянын ролу жогорулаган.

"Август айында АКШ аскерлеринин Афганистандан чыгарылышы, талибдердин бийликти алуусу менен аймакта геосаясий абал өзгөрдү. Борбор Азияда Россиянын таасири күчөдү. Албетте, Кытай дагы бар, бирок алар ачыкпы, Пакистан аркылуубу, талибдер менен кызматташууда. Максаты "бир алкак, бир жол" долбоорун ишке ашыруу. Эми аймактагы коопсуздук жана саясий стабилдүүлүк үчүн бирден-бир жооптуу өлкө — Россия. Шанхай кызматташтык уюмунда Индия менен Пакистандын ортосунда тиреш бар. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ичинде тышкы чакырыктарга жооп кылуу үчүн ички ынтымакты бекемдөө зарыл. Президент Садыр Жапаров ЖККУнун ичинде бир мамлекет экинчисине кол салган учурларды чечүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Албетте, бул колдоого алынган жок, бирок маселе көтөрүлдү. Ошондуктан ЖККУнун ичиндеги алаканы бекемдөө үчүн уюмдагы эң таасирдүү өлкө катары Россия колго алышы керек. Бул талкуу эртели-кеч болуп, уюмдун уставына өзгөртүү киргизүү каралышы ыктымал", — деди Бешимов.

Ошондой эле ал аймактагы коопсуздукту камсыздоо региондогу өлкөлөрдүн жүргүзгөн саясатынан көз каранды экенин кошумчалады.

Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:

Жаңылыктар түрмөгү
0