Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
18-сентябрда күндүз өлкө боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Ишембиде республиканын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Таласта +27…+32, Ысык-Көл чөлкөмүндө +22…+27, Нарын өрөөнүндө +18…+23 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +34…+36 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0