00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
40 лет аварии на Чернобыльской АЭС: как сегодня живут ликвидаторы из КР
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
09:05
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Наука против преступности: российский криминалист - о профессии и её будущем
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алты жылда товардык балык өндүрүшү 7 эсеге өстү. Кыргызстан балык экспорттоочу өлкөгө айлана алабы?
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда мөңгүлөр эрип жатат — кантип токтотобуз?
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айзаданын өлүмү боюнча милиционерлердин иши токтотулдубу? Прокуратуранын жообу

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКлар Айзада Канатбекованын иши боюнча милиция кызматкерлерине карата өндүрүш иши токтотулганын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин айрым ЖМКлар Айзада Канатбекованын иши боюнча милиция кызматкерлерине карата өндүрүш иши токтотулганын жазып чыгышкан. Прокуратура бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 331-беренеси (“Шалаакылык”) менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Азыркы тапта бул иш боюнча УКМКнын Бишкек шаарындагы башкы башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатат. Ал прокуратуранын көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Айзаданын өлүмү

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрель күнү эртең менен саат 07:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 07:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Ала качуу салт эмес! Кыз тагдырын талкалаган жорук тууралуу тасма
7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Канатбекованы уурдаган Замирбек Теңизбаевге башында Жазык кодексинин 175-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") менен иш козголуп, кийин 170-беренеге ("Адам уурдоо") өзгөртүлүп, андан соң 130-берене ("Киши өлтүрүү") кошулган. Бирок шектүү көз жумганына байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип беш киши кармалган. Бешөө тең күнөөлүү деп табылып, экөө алты жыл алты айга, үчөө жети жылга эркинен ажыратылды.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0