БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болуп, республикада күндүн эң ысыган температурасы 32 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас облусунда +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +27...+32, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус болот.
Борбор калаада күндүн табы +27...+29 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында термометр +30...+32 градусту көрсөтүп турат.