Вице-мэр: Бишкекте мектеп окуучулары бет кап тагынарына көзүм жетпейт

© AFP / INA FASSBENDERСабак учурунда окуучу кыз. Архив
Сабак учурунда окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Келерки жумада Кыргызстанда окуу башталат. Бишкек мэриясы окуучулар мектепке бет кап тагынып келиши керектигин айтты.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жаңы окуу жылында балдар мектепте милдеттүү түрдө бет кап тагынып жүрүшү керек. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында айтты.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Элнура Дүйшекеева шаардагы мектептерде коронавирусту алдын алуу үчүн кандай аракеттер көрүлөрүнө кызыкты.

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева
Вице-мэр: Бишкекте мектеп окуучулары бет кап тагынарына көзүм жетпейт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева
"Ар бир мектептин босогосунда дезинфекциялоочу каражатка чыланган бут сүргүчтөр коюлган. Кабинеттерде санитайзерлер бар, балдар бет кап тагынышат. Ал эми мугалимдер эмдөөдөн өткөрүлүүдө. Бир гана маселе — мектепте балдар көп болгондуктан алардын аралыкты сактоосун камсыздоо кыйын болот", — деди Мозгачева.

Sputnik агенттигинин кабарчысы аны менен байланышканда, эпидемиологдордун алгоритмине ылайык, окуучулар бет кап тагынышы керектигин билдирди.

Котельныйда иштеген жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Мэрия: жакынкы эки жылда Бишкектин мектептери газ менен жылытууга өткөрүлөт
"Албетте, бет кап тагынып жүрүү ыңгайсыз. Бирок вирус кайрадан жайылып кетсе, буга ким жооп берет? Биз бул тууралдуу мектептерге талап койдук. Чынын айтканда, балдар бет кап кийип жүрөрүнө көзүм жетпейт. Бирок биз аларга бет кап тагынбай койсоңор болот деп койсок, дал ошол уруксат берген адам вирус жайылган учурда жооп берип калат", — деди ал.

Буга чейин Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнура Кусеинова мектепте маска тагынып жүрүү сунушталганы менен милдеттүү эреже катары эсептелбей турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0