Соттордун чечими жокко чыгып, Келдибековдун иши кайра каралмай болду

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Саясатчы жана парламенттин мурдагы төрагасына байланыштуу ишти эми кайрадан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карай турган болду.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековго карата чыккан райондук, шаардык соттун өкүмдөрүн жана Жогорку соттун (ЖС) токтомун быйыл, 18-августта, Жогорку соттун өзү кайрадан жокко чыгарды.

Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлап, ишти кайра кароо жаңы ачылган жагдайлардан улам болгонун айтты.

"Ахматбек Келдибековго карата чыккан Биринчи май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмү, аны менен катар эле Жогорку соттун 2016-жылдын 13-октябрындагы токтомун 18-августта Жогорку сот жокко чыгарды", — деп жазылган таратылган маалыматта.

Келдибековдун ишин жаңыдан пайда болгон жагдайлардан улам кайра кароого берилген сунуштама мамлекеттик күнөөлөөчүнүн ишти кайра кароо зарылдыгы жана соттун биринчи инстанциясына жөнөтүү бүтүмүнүн негизинде ЖСтин коллегиясы тарабынан канааттандырылган.

Эми ишти Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карамакчы.

Эскерте кетсек, Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупцияга барган жана ЖКнын спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Тергөө абагындагы Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыкты
Ага Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин төртүнчү бөлүгү ("Кылмышка шериктеш болуу"), 303-беренесинин биринчи бөлүгү ("Коррупция"), 304-беренесинин төртүнчү бөлүгү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Келдибеков жогорудагы айыптар менен 2013-жылы ноябрда УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2015-жылы ноябрда Келдибековду "Коррупция" беренеси боюнча актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион сом айып пул салган.

Башкы прокуратура бул боюнча шаардык сотко кайрылган. Кийинки инстанция Москвадагы өкүлчүлүктү мыйзамсыз ачканы үчүн жана Салык кызматын жетектеп тургандагы мыйзамды бузганы үчүн Келдибеков 10 миллион сом айып төлөш керек деген бүтүм чыгарган. Ал эми ЖМКлар анын айтылган акчаны төлөгөнү тууралуу жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0