Жапаров Кыргызстан 5 жылда кандай өзгөрөрүн айтты. Президенттин кебинен тезистер

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 30-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке
Празднование 30-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров жакынкы беш жылда мамлекеттик саясат жарандардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталарын белгиледи.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, кыргызстандыктарды "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

Президент алдыда кандай иштер жасала турганын да айтып өттү. Садыр Жапаровдун сөзүнөн тезистер:

— Жакынкы беш жыл аралыгындагы мамлекеттик саясат — жаңыланган, өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө ишенимин, ич ара биримдигин арттырууга, элдин жаратмандык активдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат;

— 15 жумушчу орунун түзгөн ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүлөт;

Дефицит бюджета в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жапаров: чакан ишканаларга үстөксүз 6 млрд. сом каралат
— Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жөлөк пул октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөк пулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат;

— Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулайт;

— Салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Кыргызстан ак иштеп, салыгыңды төлөп койсоң, бейкапар, тынч жашооңо эч ким кийлигишпеген өлкөгө айланууга тийиш. Жаңы жылдан тартып салыктын азыркы түрлөрүн төлөө менен катар, салыкты бир эле жолу, бир эле түрүн төлөө мүмкүнчүлүгү берилет;

— Кыргызстандагы чакан жана орто ишканаларга үстөгү жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт;

— Чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын кредит беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүлөт;

— Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык;

Рабочая поездка президента Садыра Жапарова в Иссык-Кульскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилди
— Болочок муундун жаркын келечегине эмитен кам көрүү максатында стабилизациялык фонд түзүүгө даярданып жатабыз;

— Кыргызстаныбыздын ар бир жаранын сапаттуу билим алуу, татыктуу жашоого алдыдагы беш жылдыкта сөзсүз жеткиребиз;

— Кыргызстандын энергетикалык потенциалын колдонуу үчүн ири жана кичи ГЭСтерди куруу долбоорлорун жүзөгө ашыруунун үстүндө активдүү иш жүрүп жатат;

— Өлкөбүздүн шартын эске алып, "Манас", "Тамчы", "Ош", "Баткен" эл аралык аэропортторунун потенциалдарын арттыруу максатында мультимодалдык жүк ташуучу авиахабдарды түзүү, индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди куруу — негизги пландарыбыздын тизмесинде;

Кыргыз армиясынын курал-жарагын жана аскердик техникасын тез арада толуктап, аскердик күчтөрүбүздүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу учурдун негизги максаты деп эсептейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0