БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Дагы эки саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин биринчи болуп "Социал-демократтар" партиясы шайлоого катыша турганын маалымдаган.
Экинчи арызды «Улуттар Биримдиги» партиясы, анын артынан «Ишеним» билдирүү берген.
Мында саат 23:20га карата алынган маалыматтар көрсөтүлдү.
БШКга жазуу түрүндөгү билдирме саясий бирикменин жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылып, ага партиянын уставынын көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүп, тиркелип жөнөтүлүшү шарт.
Катты берүүнүн акыркы мөөнөтү — 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда, тагыраагы, 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров 29-августта Парламенттик шайлоонун күнүн 28-ноябрга белгиледи. Буга чейин депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынган.
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституция боюнча Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Эл өкүлдөрүн шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Жарлык бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.
Эске салсак, 27-августта парламент депутаттарын жаңы тартипте шайлай турган конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Жаңы эрежеге ылайык, добуш берүүнү аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) түзүлөт.