Аскердик парад менен коштолот. Эгемендүүлүк майрамынын программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековАскердик парад. Архив
Аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Салтанаттуу парадды өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, өлкө президенти Садыр Жапаров кабыл алат. Майрам кечинде концерттик программа менен уланат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Эртең, 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык юбилейине байланыштуу Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Түзүлгөн план-сценарийге ылайык, мамлекет башчы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайт.

Салтанаттуу парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын аскер кызматкерлери, милиция кызматкерлери тартылыт. Жалпысынан күч түзүмдөрүнүн эки миңдей өкүлү, аскер кызматкерлери катышат.

Урпакка өтчү аманат. Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган видеоролик - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Урпакка өтчү аманат. Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган видеоролик
Мындан сырткары, аянттан зооттолгон танка, БМП, БТР, артиллериялык аскер техникалары көрсөтүлөт. Аскердик парадга коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетекчилик кылып, аны Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, өлкө президенти Садыр Жапаров кабыл алат.

Салтанаттуу иш-чара эмгекчилердин, маданияттын жана искусствонун мыктыларынын, спорттун ардагерлеринин, атактуу спорт чеберлеринин парады менен уланат.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанат кечинде концерттик программа менен уланат. Анда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды куттуктайт. Концерт мекенчил ырлар менен коштолот. Аягында майрамдык фейерверк атылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0