Сулата тээп, көтөрүп чаап. UFC турнириндеги кызыктуу учурлар бир видеодо

Жазылуу
Өткөн түнү Лас-Вегаста UFC Vegas 35 турнири болду. Салт болуп калгандай UFC уюму турнирдеги эң кызыктуу беттештердин видеотоптомун даярдаган.

Бусурманкулдун нокауту жана ага Хабибдин берген кеңеши. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Бусурманкулдун нокауту жана ага Хабибдин берген кеңеши. Видео
Спорттук иш-чаранын негизги беттешинде жарым жеңил салмактагы грузиялык Гиги Чикадзе менен бразилиялык Эдсон Барбоза кармашты. Үчүнчү раундда рефери Барбозага техникалык нокаут берген. Чикадзе үчүн бул 14-жеңиш, ал эми бразилиялык мушкер 22 жолу утуп, бул анын 10-жеңилүүсү болгон.

Орточо салмакта Брайан Баттл Гилберт Урбинди артынан муунтуп утса, жеңил салмакта Рики Турсиос калыстын чечими менен Брэди Хайстэндди жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0