ЖМК: Кабулдагы жардыруудан 40 адам набыт болуп, 100 киши жаракат алды

© AFP / WAKIL KOHSARВзрывы в аэропорту Кабула
Взрывы в аэропорту Кабула - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Кабулда эки ирет жардыруу болду. Бирин жанкечти террорчу жасаса, экинчисинде автоунаа жардырылган. Жабыркагандардын арасында аялдар менен балдар бар.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кабулдагы аэропортко жакын жердеги жардыруудан 40тан ашык адам набыт болуп, 100 киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости афган саламаттык сактоо тармагындагы маалымат булагына таянып жазды.

Агенттиктин маектеши каза тапкандардын сөөгү менен жаракат алгандар ооруканага жеткирилгенин билдирген. Алардын арасында аялдар менен балдар дагы бар.

Бейшемби күнү Кабулдагы аэропортто эки жардыруу болду. Анын бири чет элдиктер, анын ичинде Британия менен АКШнын жарандары чогулган Baron отелинен анча алыс эмес жерде болгону айтылууда. Маалыматка караганда, биринчисин жанкечти террорчу жасаган. Бир сааттан кийин жардыруучу каражат коюлган автоунаа жарылган. 

Афганистандагы бийлик алмашуу

Взрыв и пожар в азербайджанском секторе Каспийского моря - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
"Таразды көздөй снаряддар учууда". Казакстандагы өрттүн видеосу
Афганистандан Америкалык аскер күчтөрү чыгарылып жаткан тушта "Талибан"* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алышып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салышкан. Учурда мамлекетти башкаруунун механизми чечилип жатат. Жаңы бийликке жакын кишилердин РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.

Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан-жалгаз очок болуп калууда.

Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Алгачкы күндөрү болгон дүрбөлөңдө бир канча адам мерт болгон.

*Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0