Кыргыз-казак өнөрпоздору эки күн бою "Сармерденде" күч сынашат

© Фото / Руслан ОрозалиевЫрчы Анара Шаимкулова. Архив
Ырчы Анара Шаимкулова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыз-казак достугуна арналган "Сармерден" долбоору 24-25-август күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Иш-чара өкмөттөр аралык деңгээлде уюштурулуп, ага эки мамлекеттин тең маданият министрлеринин катышуусу күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бүгүн жана эртең Бишкек шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өнөрпоздору "Сармерден" долбооруна катышат. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине долбоордун продюсери Сагын Ниязалиева тастыктады.

Анын айтымында, иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыз-казак достугуна арналууда.

"Бүгүн кечки саат 18.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыздын таланттуу кыздары менен казактын таланттуу жигиттери сахнага чыгышат. Эртең биздин жигиттер казактын кыздары менен таймашат", — деди Ниязалиева.

Ала-Тоо аянтындагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Парад, айтыш, кино. Эгемендүүлүк майрамында өтчү иш-чаралардын тизмеси
Маалыматка караганда, иш-чара өкмөттөр аралык деңгээлде уюштурулуп, ага эки мамлекеттин тең маданият министрлеринин катышуусу күтүлүп жатат.

"Кыргыз тараптан кыз-келиндерден Анара Шаимкулова, Алтынай Нарбаева, Кундуз Таштаналиева, Ширин Сарыгулова, Кенже Көбөкова сыяктуу өнөрпоздор катышат. Ал эми жигиттер тобун Токтобек Асаналиев, Аскат Мусабеков, Бакыт Шатеновдой мыктыларыбыз баштайт", — деди продюсер.

Иш-чарага маданий, саясий ишмерлерден турган 800дөй конок чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0