00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакбаев: АКШ Афганистандагы аскерин Кыргызстанга жайгаштыруу боюнча кайрылган

© Фото / Staff Sgt. Eunique StevensАмериканская авиабаза в Киркуке (Ирак)
Американская авиабаза в Киркуке (Ирак) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын министри Афганистандагы абал тез өзгөрүп жаткандыгын жүйө келтирип, кызматташуу боюнча айткан.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. АКШ Бишкекке Афганистандан америкалык аскерлерди Кыргызстанга алып келип жайгаштыруу суроосу менен кайрылды, бирок мындай тариздеги кызматташуу боюнча маселе каралган жок. Бул тууралуу РИА Новостиге Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев маек куруп жатканда айтты.

"Бизде террорчулукка каршы Вашингтон менен өз ара кызматташуу боюнча жетишерлик деңгээлдеги, кенен тажрыйба бар. Өзүңүздөр билгендей, "Манас" аэропортундагы Жүк ташуу боюнча транзиттик борбордогу аба базага эл аралык коалициянын күчтөрүн кабыл алып жүргөнбүз", — деген Казакбаев.

Министр Афганистандагы абал тез өзгөрүп жаткандыгын жүйө келтирип, кызматташуу боюнча айткан.

"Албетте, ар кыл өңүттөгү кайрылуулар, ар кыл деңгээлдеги кеп-кеңешүүлөр болгон. Бирок Афганистандагы абал азыр күн сайын өзгөрүп жатат. Учурда мындай форматтагы кызматташуу туурасындагы маселе каралган жок", — деген Казакбаев.

Бул туурасында министр АКШ Бишкекке Афганистандагы аскерлерди Кыргызстанга жайгаштырууну сунуштадыбы деген суроого жооп берип жатып айткан.

Май айында Wall Street Journal басылмасы маалымат булактарына таянып, АКШ Афганистандан алып чыгып жаткан аскерлерин Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырышы мүмкүндүгүн, бирок азырынча макулдашуу жок экендигин жазган эле. Анда автобаза Америка Кошмо Штатына аскерлер үчүн эле эмес, пилотсуз башкарылуучу учактар, бомбалоочу жана артиллериялык техникалар үчүн зарыл экендиги айтылган. Бир катар аскер адамдарынын жана АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясынын өкүлдөрүнүн пикирине караганда, контингентти Өзбекстан же Тажикстанга жайгаштырганда жакшы болмок. Себеби алар Афганистан менен чектешет.

Афганистандагы абал

Августтун биринчи декадасында талибдер Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө жасаган чабуулдарын активдештире баштаган. Алар ири шаарларга кол салып, 15-августта Кабулга киришкендигин жана президенттик сарайды алгандыгын кабарлашкан.

Международный авиационно-космический салон МАКС-2019. День второй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Афганистандан Катарга эвакуацияланган кыргызстандыктар Бишкекке келди
Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салган.

Гани өлкөдөн качкандан үч күн өткөн соң Бириккен Араб Эмирлигинен видео кайрылуу жасап, жакынкы күндөрү мекенине кайрылып келерин айткан. Вице-президент Амрулла Салех Баш мыйзам боюнча мамлекеттин башчысы болуп каларын билдирип, талибдерге курал менен каршы чыгууга чакырык жасаган.

Учурда Афганистандан кара жол аркылуу чыккан чек аралардын бардыгын талибдер каратып алган. Афганистандыктар менен анда иштеп жаткан чет элдик миссиялардын кызматкерлерин Кабулдагы аэропорт аркылуу алып чыгып кетип жатышат. Бүгүнкү күндө ал АКШ менен НАТО күчтөрү кармап турган бирден-бир аймак.

Жаңылыктар түрмөгү
0