Франция 2022-жылы велосипедчендер өлкөсү болууга ниеттенүүдө

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүЗдание Европейского парламента в Страсбурге
Здание Европейского парламента в Страсбурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Өлкөдө 2022-жылга чейин орто мектептердеги жогорку класстын окуучулары үчүн велосипедде жүрүү боюнча сабак киргизилет.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Франция өлкөдө велосипед менен жүрүүчүлөрдүн санын үч эсеге көбөйтүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анда айтылгандай, 2022-жылга чейин мектептеги жогорку класстын окуучулары үчүн велосипед тебүү боюнча сабак киргизилет.

“Франция Нидерланддар өлкөсү сыяктуу жол кыймылынын үчтөн бир пайызын велосипедчендер түзгөн мамлекетке айланууну көздөөдө”, — деп айтылат БУУнун билдирүүсүндө.

Өлкө бийлиги велосипед жолдорун куруу үчүн казынадан 350 миллион евро каражат бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0