Кыргызстандын волейболчу кыз-жигиттери Тажикстанды караандатпай утуп алды

© Фото / Федерация Волейбола Кыргызской РеспубликиСборная Кыргызстана по волейболу
Сборная Кыргызстана по волейболу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Кыз-келиндер дагы, эркектер дагы Тажикстандын волейболчуларын 3:0 эсеби менен утуп, бир дагы жеңишти колдон чыгарган жок.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионатында Кыргызстан командасы Тажикстанды караандатпай утуп алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан билдирди.

Международный аэропорт в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Үмүтү таш каап... Оккупацияланган аймакта санаалаштарды сайга таштаган аракет
Маалыматка ылайык, бүгүн мелдештин экинчи туру өтүп, өлкөнүн эркектер командасы тажикстандык волейболчуларды 3:0 эсеби менен жеңди. Ага улай эле кыз-келиндер командасы да Тажикстанды 3:0 менен утуп алды.

Кечээ биринчи турда улуттук команданын эркектери Казакстанга 3:2, кыз-келиндери 3:1 эсеби менен утулуп калган. Эртең Өзбекстандын волейболчулары менен беттешет.

Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионаты Өзбекстандын Фергана шаарында өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0