Кабул эле калды. Талибдер Афганистандын эки ири шаарын басып алды

© AP Photo / Gulabuddin AmiriЗахват территорий Афганистана Талибаном
Захват территорий Афганистана Талибаном - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Талибдер алган Желалабад калаасы Кабул менен катар акырына чейин бийлик тарабынан көзөмөлдөнгөн эки чоң калаанын бири болчу.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Афганистандагы Желалабад жана Мазари-Шариф шаарларын басып алды. Бул тууралуу чет элдик сайттарга таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү жашоочу Желалабад калаасын талибдер согушу жок алышканын билдирген. Бул калктуу аймак Кабул менен катар акырына чейин бийлик тарабынан көзөмөлдөнгөн эки чоң шаардын бири болчу.

"Согушкерлер Желалабаддагы полициянын аймагына кирип, маанилүү жерлерди көзөмөлгө алууда. Өкмөттүн аскерлери багынууга аргасыз", — деген France Presse агенттигине жашыруун маек берген адам.

Афган саясатчысы Атто Мухаммади Нур Twitter баракчасында согушкерлер кутумчулук менен Балх провинциясынын түндүк-батыш аймагын көзөмөлгө алганын, бул жакта Мазари-Шариф аттуу чоң шаар жайгашканын айткан. Калаа соода-транспорттук маанилүү түйүн болуп саналып, 400 миңден ашуун адам жашайт. Саясатчы өзү этникалык тажик, 2004-2018-жылдары провинциянын губернатору болгон.

Афганистандын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Афганистандык аскерлердин тобу Өзбекстанга өттү
"Тилекке каршы, биздин чечкиндүү кадамдарга карабастан өкмөттүн коргонуу күчтөрүнүн жабдуулар кутумчулуктун айынан талибдерге өткөрүп берилди", — деген Атто Мухаммади Нур.

Нурдун айтымында, кутумдун максаты аны жана 2014-2020-жылдары Афганистандын вице-президенти болуп иштеген дагы бир афган саясатчысы, маршал Абдул-Рашид Дустумду "тузакка түшүрүү" болгон. Бирок максаты ишке ашкан эмес, алар бир катар мамлекеттик кызматкерлер менен "коопсуз жерде" экенин белгилеген.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуган.

*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, ага Россияда тыюу салынган

Жаңылыктар түрмөгү
0